ПостановлениеДействует

Постановление айылного кенеша Курама от 29 августа 2025 года № 25 «О присвоении звания «Почётный гражданин айылного аймака Курама»

Редакцияот 29.08.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектеги 10 сессиясы

 

2025-жылдын “29” августу № 25

 

Курама айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө

 

Курама айыл аймагынын Ардактуу атуулу жөнүндө бекитилген Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.        Курама айыл аймагынын ардактуу атуулу наамы төмөнкү атуулдарга ыйгарылсын:

-Кочербаева Нурийлага;

-Мандрыко Галина Егоровнага;

-Алымкулова Эрмек Жанжаловнага.

 

2. Курама айыл аймагынын Ардактуу атуулу жөнүндө бланктарды даярдоо үчүн, Курама айыл өкмөтүнүн финансы-экономика өнүктүрүү бөлүмүнө акча каражаттары бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курама айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Джумагулов А.К.