ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 4 апреля 2026 года № 223 «О вопросах содержания, разведения и охраны объектов животного мира в Кыргызской Республике»

Редакцияот 04.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 4-апрели № 223

 

Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн

объекттерин багуу, көбөйтүү жана коргоо

маселелери жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү чөйрөсүндөгү мамилелерди өркүндөтүү жана тартипке келтирүү, ченемдик укуктук актылардагы аныкталган шайкеш эместиктерди жоюу максатында, «Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 40-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө баккан жана көбөйткөн юридикалык жана жеке жактар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде оң корутунду алуу жана кийин жапайы жаныбарларды багуучу жерлердин реестрине киргизүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга милдеттүү деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 «Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммасын пайдалануу тартибинде:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Ушул Тартип «Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу», «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн каражаттарды өндүрүү маселелерин, ошондой эле бул бузууларды ачкан жана тариздеген адамдарды (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөр) сыйлоо маселелерин жөнгө салат.»;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларында:

– 1-бөлүмдүн 2-параграфынын 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

2

Ак кунас

30000

3

Кара кунас

30000

»;

– 2-бөлүмдүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

2

Теке

300000

3

Элик

100000

».

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев