ПостановлениеДействует

Постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 апреля 2026 года № 215 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики»Об утверждении Порядка предоставления целевых трансфертов из республиканского бюджета местным бюджетам«от 8 апреля 2022 года № 201»

Редакцияот 01.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 1-апрели № 215

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 11-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибинде:

- 4-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө.";

- 12-пункт "республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү бюджеттерге" деген сөздөр менен толукталсын;

- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген суроо-талаптарды республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша карайт. Жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоого максаттуу трансферттерди бөлүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими саналат.";

- 6-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн максаттуу трансферттерди берүү";

- 23-пунктта "Райондук маанидеги шаарларды региондорду өнүктүрүүнүн өсүү башаты катары" деген сөздөр "Шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Максаттуу трансферт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен бекитилген шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун, бийик тоолуу, барууга кыйын жана чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун алкагында берилет.";

- 25-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) саны менен жарыяланды. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев