Редакцияот 12.06.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 12-июну № 35

 

 

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн административдик имаратында  жайгашкан №7042 участкалык шайлоо комиссиясын которуу жөнүндө

 

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Айылдык Кеңеши Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн административдик имаратында жайгашкан №7042 участкалык шайлоо комиссиясын административдин реформанын негизинде аппарат кызматкерлеринин штаттык саны, жана жергиликтүү депутаттардын санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кабинеттер жетишпей тар болгондугунан улам которуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып  Онбир-Жылга Айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн  Шамшы айылынын Калык Чолжиев көчөсүнүн №21 дарегинде жайгашкан Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн административдик имаратындагы  №7042 участкалык шайлоо комиссиясы, Шамшы айылындагы Школьная №1 дарегинде жайгашкан Рысменде уулу Акмат атындагы орто мектебинин имаратына которулсун.

2. Токтом Чүй-Бишкек аралык Юстиция   башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

3. Токтомдун көчүрмөсү Чүй аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышынын  көзөмөлдөө жагы  Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы  - Н.А.Исаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Н.К. Анарбаев