ПостановлениеДействует

Постановление Сары-Озонского айылного кенеша Сары-Озонского айылного аймака от 14 октября 2025 года № 01-7/72 «Об оказании материальной помощи»

Редакцияот 14.10.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-октябры № 01-7/72

 

Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

 

Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-октябрындагы №01-16/3335 кайрылуу катынын негизинде, Сокулук айылынын тургуну Б.Базаркуловго ден-соолугуна байланыштуу материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндө маселе каралып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук айылынын Краснодарская көчөсү №51Б/2 дарегинин тургуну Б.Базаркуловго ден-соолугун чыңдоо үчүн дары-дармекке Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

М.Р. Кадыркулов