ПостановлениеДействует

Постановление Сары-Озонского айылного кенеша Сары-Озонского айылного аймака от 14 октября 2025 года № 01-7/78 «О предоставлении согласия на утверждение схемы и проекта планировки земельного участка по адресу: село Сокулук, улица Заречная №32а, гражданину Кочкеновой Жаныл Толомышевне»

Редакцияот 14.10.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-октябры № 01-7/78

 

Сокулук айылы, Заречная көчөсү №32а дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Кочкенова Жаныл Толомышевнага бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык,Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылы, Заречная көчөсү №32а дарегиндеги жер тилкесинин 2025-жылдын 25-августундагы №148-25 “Жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасы жана долбоорунун” негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылы, Заречная көчөсү №32а дарегиндеги жер тилкесинин укук белгилөөчү документи жок жаран Кочкенова Жаныл Толомышевнага Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 25-августундагы №148-25 жер тилкесинин жалпы аянты 521,27 чарчы метр жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемиров тийиштүү буйрук чыгарсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышова тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

 

Төрага

 

М.Р. Кадыркулов