Постановление Жогорку Кенеша КР от 10 апреля 2026 года № 373-VIII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о гранте по компоненту «Финансирование при чрезвычайных ситуациях (Специальные операции) (Программа многоуровневого финансирования помощи при бедствиях)» между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития, Соглашения о гранте по компоненту «Выпуск облигаций на случай стихийных бедствий (Специальные операции) (Программа многоуровневого финансирования помощи при бедствиях)» между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития и Письма о сотрудничестве со страной между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития (Структура и реализация серии транзакций по передаче части рисков Кабинета Министров Кыргызской Республики при стихийных бедствиях), подписанных 30 декабря 2025 года в городе Бишкек»»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 373-VIII
«2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Өзгөчө кырдаал учурларында каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Табигый кырсык болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкө менен кызматташуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин табигый кырсык учурларындагы тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) жөнүндө катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 27-мартындагы чыг. № 25-3642) «2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Өзгөчө кырдаал учурларында каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Табигый кырсык болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкө менен кызматташуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин табигый кырсык учурларындагы тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) жөнүндө катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага М.А. Маматалиев