УказСтатус не указан

Указ Президента КР от 14 апреля 2026 года № 141 «О досрочном прекращении полномочий судьи местного суда Кыргызской Республики»

Редакцияот 14.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 14-апрели № 141

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү

сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын

мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

 

1. Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Суйналиев Дамир Суйунтаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, анын Ош облусунун Административдик сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров