ПостановлениеДействует

Постановление айылного кенеша Курама от 27 января 2026 года № 3 «О присвоении Инновационному центру расположенному в селе Орто-Арык айылного аймака Курама Панфиловского района наименования «Аскер Ата»

Редакцияот 27.01.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 27-январы № 3

Панфилов районунун Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Инновациялык борборго “Аскер Ата” атын ыйгаруу жөнүндө

Инновация тармагындагы башкаруу системасын өркүндөтүү жана аталышын ылайык келтирүү максатында, жаран Эрматов Аскербек Эрматовичтин коомго сиңирген эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын “Инновациялык ишмердүүлүк жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, “Республикалык маанидеги обьектилерге ат коюунун жана атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Панфилов районунун Курама айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Арык айылында жайгашкан Инновациялык борборго “Аскер Ата” деп аталышы ыйгарылсын.

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий басылмаларга жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.К. Джумагулов