УказДействует

Указа Президента Кыргызской Республики от 16 апреля 2026 года № 143 «О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики»О мерах поддержки малообеспеченных граждан (семей) в виде снижения размера платы за электрическую энергию«от 6 декабря 2021 года № 546»

Редакцияот 16.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 16-апрели № 143

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Муктаж болгон үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо системасын өркүндөтүү, социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүү шартында аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) даректүү колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- экинчи абзац "2022-жылдын 1-январынан тартып" деген сөздөрдөн кийин "2027-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"- 2027-жылдын 1-январына чейин айына 700 кВтска чейин керектөөдө калк үчүн белгиленген тариф менен 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндөгү тарифтин ортосундагы айырманын өлчөмүндө электр энергиясын керектөөнүн төмөнкү көлөмдөрүнүн чегинде компенсация берүүнү караган электр энергиясы үчүн жеңилдиктердин ордуна 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү механизмин киргизсин:

жайкы мезгилде (1-апрелден 1-октябрга чейин) - айына 400 кВтс көлөмүндө;

кышкы мезгилде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) - айына 700 кВтс көлөмүндө.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) саны менен жарыяланды. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров