ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 31 марта 2026 года № 87 «О внесении изменений в постановление Бишкекского городского кенеша»О тарифах на перевозку пассажиров и багажа общественным пассажирским транспортом в городе Бишкек«от 26 апреля 2012 года № 312»

Редакцияот 31.03.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 31-марты № 87

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312

«Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен

жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугун берүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелерине, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги:

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жана туруктуу каттоосу бар жактардын төмөнкү категорияларына берилет деп белгиленсин:

жаш курагы боюнча пенсионерлерге;

жалпы ооруларынын жана эмгектик мерттенүүнүн натыйжасында I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдарга;

бала кезинен майыптыгы бар адамдарга;

7 жашка чейинки курактагы балдарга;

18 жашка чейинки майыптыгы бар баланын жеке ассистенттерине;

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» ААКтын почтальондоруна кызматтык милдеттерин аткарууда.

Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү үчүн негиз болуп, акысыз же жеңилдетилген жол жүрүү укугунда адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлгөн жана сүрөтү менен персонификациялаштырылган транспорттук карта эсептелет.».

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

3.   Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиевге) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 13-апрелинде https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6503-96-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2012-zhyldyn-26-aprelindegi-312-bishkek-shaarynda-koomduk-zh-rg-nch-l-r-transportu-menen-zh-rg-nch-l-rd-zhana-zh-k-tashuuga-tarifter-zh-n-nd-toktomuna-zg-rt-l-rd-kirgiz-zh-n-nd.html расмий сайтында жарыяланды

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Б. Усеналиев