Постановление Жогорку Кенеша КР от 22 апреля 2026 года № 427-VIII «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О ратификации Договора о порядке организации и проведения международной контролируемой поставки компетентными органами государств – участников Содружества Независимых Государств, подписанного 10 октября 2025 года в городе Душанбе"
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-апрели № 427-VIII
«2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан
мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу
эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө
келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 10-мартындагы чыг. № 23-2709) «2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 28-апрелинде https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7657 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.А. Маматалиев |