РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 28 апреля 2026 года № 302-т (Об одобрении проекта Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Тоголезской Республики о сотрудничестве в области культуры)

Редакцияот 28.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 28-апрели № 302-т

 

 

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев