ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 9 апреля 2026 года № 378-VIII О возражениях Президента Кыргызской Республики к конституционному Закону Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в конституционные законы Кыргызской Республики «О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики», «О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах», «О Кабинете Министров Кыргызской Республики»)»

Редакцияот 09.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

Кабыл алынган датасы

2026-жылдын 9-апрели № 378-VIII

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2026-жылдын 12-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы четке кагылсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев