ПостановлениеДействует

Постановление Кантского городского кенеша от 24 апреля 2025 года № 28/V-29 «Об утверждении Регламента работы суда аксакалов города Кант»

Редакцияот 24.04.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

5-сессиясы

 

2025-жылдын 24-апрели №28/V-29

Кант шаарынын аксакалдар сотунун иш регламентин бекитүү жөнүндө

Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 17.04.2025-жылдагы №03-1/1666 - Кант шаардык сотунун иш регламентин бекитүү жөнүндөгү катын карап чыгып

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кант шаардык аксакалдар сотунун иш регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кант шаардык Кеңешинин 21.12.2018-жылдагы №77/XII-27 “Кант шаарынын аксакалдар сотунун иши жөнүндө регламентти бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Э.Сатарова) жүктөлсүн.

 

 

төрага

 

М.Бейшебаев.