Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын
2023-жылдын 13-ноябры №17/2
Кара-Бүргөн айыл аймагында Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 26.12.2022-жылдагы №713 токтому боюнча “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарында 28.08.2023-жылы өткөн жыйындын токтомунун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1. “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын элге көрсөтүү акысынын тарифтери 2024-жылга карата төмөндөгүдөй бекитилсин:
--- Ичүүчү таза сууга 1 айга 1түтүнгө -150 сом
--- Сугат суу төлөмдөрүнүн акысы 1 га жер аянты үчүн- 150 сом
Кемеге-Кайырмадан, Чоң-Көк-Колот, Кичи-Көк-Колот, Тай-Сарай участкасынын дыйкандары үчүн 1га жер аянты үчүн -500 сом
--- Жайыт акы – бодо малга (жылкы, уй, топоз)- 100 сом.
майда жандык (кой, эчки)- 20сом
--- Тиричилик таштанды чыгаруу ар бир түтүнгө 1айга – 100сом
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.уа
Айылдык кеңештин төрагасы Б.Кемелов