РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 21 мая 2026 года № 366-т (О внесении изменений распоряжения Кабинета Министров Кыргызской Республики от 19 августа 2025 года № 712-т)

Редакцияот 21.05.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 21-майы № 366-т

 

Ирригациялык системалардын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 712-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:

«3) муниципалдык менчикте турган гидротехникалык курулмалары бар биринчи жана экинчи тартиптеги ички чарбалык ирригациялык каналдар.».

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 10-1/317 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында суу чарба курулмаларына системалык каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык тиешелүү өзгөртүү киргизсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев