РаспоряжениеДействует

Распоряжение Президента КР от 14 мая 2026 года № 171 (Об одобрении проекта Договора о взаимной правовой помощи по уголовным делам между Кыргызской Республикой и Итальянской Республикой)

Редакцияот 14.05.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 14-майы № 171

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 227 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө КЕЛИШИМ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Италия Республикасы,

алардын достук жана кызматташтык байланыштарын эске алып,

кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардамдын укуктук негизин бекемдөөнү көздөп,

өзүнүн мыйзамдарына жана эл аралык укуктун универсалдуу принциптерине, атап айтканда ар бир мамлекеттин тең эгемендүүлүк принциптерине ылайык аракеттенүү менен,

адам укуктары боюнча эл аралык документтерде баяндалган жалпы принциптерди көңүлгө алуу менен, ошондой эле аларды илгерилетүү максатында эки тараптуу негизде кызматташууну көздөп,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене. Укуктук жардам көрсөтүү боюнча милдеттенме

1. Тараптар ушул Келишимдин жоболоруна ылайык кылмыш иштери боюнча бири-бирине өз ара укуктук жардам (мындан ары - укуктук жардам же жардам) көрсөтүүгө милдеттенет.

2. Укуктук жардам ошондой эле суроо-талапты жиберүүчү Тарап турган жерде куугунтуктоого алынуучу жосундар, суроо-талапты алуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык укук бузуу катары каралбаган учурда да көрсөтүлөт. Мында жардам берүү жөнүндө суроо-талап тинтүү, активдерди тоңдуруу, камакка алуу же конфискациялоо жана адамдардын негизги укуктарына таасир этүүчү же жерлерге же мүлккө кол салууга алып келүүчү башка чаралар менен байланышкан учурда, соттук куугунтуктоого кирген жосун, ошондой эле суроо-талапты алуучу Тараптын мыйзамдарында кылмыш катары каралса гана жардам көрсөтүлөт.

3. Ушул берененин 2-пунктунун жоболору финансылык (фискалдык) укук бузууларга да колдонулат. Ушуга байланыштуу укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап суроо-талапты алуучу Тараптын мыйзамдарында суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мыйзамдарына салыштырмалуу салыктын, жыйымдын, бажылык же валюталык жөнгө салуунун ушуга окшош түрүн карабагандыгынын негизинде гана четке кагылышы мүмкүн эмес.

4. Ушул Келишим Тараптардын ортосунда өз ара укуктук жардам көрсөтүү үчүн гана багытталган. Ушул Келишимдин жоболору кайсы бир жеке жактын кандайдыр бир далилдерди алуу, жокко чыгаруу же суроо-талаптын аткарылышына тоскоолдук кылуу укугун жаратпайт.

5. Ушул Келишим Тараптардын биринин компетенттүү органдарына экинчи Тараптын органдарынын өзгөчө компетенциясынын укуктарын жүзөгө ашырууга укук бербейт. Жогоруда белгиленгендер Тараптар жүргүзгөн биргелешкен операциялар үчүн зыян келтирбестен, ушул Келишимдин 21-беренесинде каралган кызматташуу же укуктук жардам көрсөтүү инструменттерине өзгөчө көңүл буруу менен колдонулат.

2-берене. Укуктук жардамды колдонуу тармагы

1. Укуктук жардам өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

a) документтерди тапшыруу;

b) тергөө жүргүзүү, далилдерди же буюм далилдерди алуу;

c) банктык же финансылык операциялар жөнүндө маалыматтарды берүү;

d) адамдардын жана предметтердин турган жерин белгилөө жана таануу;

e) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын сот органына көрсөтмөлөрдү берүү максатында ыктыярдуу келүү үчүн күбөлөрдү, жабырлануучуларды, тергөөдө же кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө турган адамдарды, эксперттерди чакыруу;

f) суроо-талапты алуучу Тараптын аймагында камакта жаткан адамдарды кылмыш-жаза процесстеринде күбө же жабырлануучу, шектүү же айыпталуучу катары көрсөтмө берүү үчүн же болбосо суроо-талапта көрсөтүлгөн башка процессуалдык аракеттерге катышуу үчүн убактылуу негизде өткөрүп берүү;

g) документтерди, предметтерди жана башка буюм далилдерин берүү;

h) суроо-талаптарды аткарууда суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна уруксат берүү;

i) соттук куугунтуктоо жөнүндө суроо-талаптарды чечүү;

j) эксперттик корутундуларды тариздөө жана таратуу;

k) көрсөтмөлөрдү же арыздарды алуу;

l) соттук кароолорду жүргүзүү же предметтерди же жерлерди кароо;

m) тергөө амалдарын жүргүзүү, тинтүү жана активдерге карата аларды тоңдуруу, камакка алуу жана конфискациялоо жөнүндө токтом сыяктуу чектөөчү чараларды аткаруу;

n) билдирүүлөрдү кармап алуу;

o) ушул Келишимдин максаттарына ылайык укуктук жардамдын кайсы болбосун башка формалары, суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарына каршы келбеген шартта.

2. Суроо-талап боюнча жана тиешелүү мүмкүнчүлүктөр болгондо, суроо-талапты алуучу Тарап укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу максатында жүргүзүлгөн процессуалдык иш-аракеттердин аудио- жана (же) видеожазуусун жүргүзөт.

3-берене. Адамдардын жана предметтердин турган жери жана аларды идентификациялоо

Суроо-талапты алуучу Тараптын компетенттүү органдары суроо-талапта көрсөтүлгөн адамдардын ким экендигин жана предметтерди аныктоо үчүн анын мыйзамдарында каралган кандай болбосун каражаттарды пайдаланат.

4-берене. Борбордук органдар

1. Ушул Келишимде каралгандай, укуктук жардам көрсөтүүдө Тараптардын ортосундагы талаптагыдай кызматташууну камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй борбордук органдар дайындалат:

a) Кыргыз Республикасы үчүн борбордук орган болуп Башкы прокуратура саналат;

b) Италия Республикасы үчүн борбордук орган болуп Юстиция министрлиги саналат.

2. Борбордук органдар укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарды жана алардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу же түздөн-түз, анын ичинде электрондук байланыш каражаттары аркылуу башка бардык документтерди берет, акыркысы менен болгон учурда тиешелүү тышкы иштер министрлигине билдирет.

3. Суроо-талапты алуучу Тараптын борбордук органы укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарды тез арада аткарат же болбосо аларды аткаруу үчүн компетенттүү органдарга жөнөтөт.

4. Суроо-талап аткаруу үчүн компетенттүү органга жөнөтүлгөн учурда борбордук орган көрсөтүлгөн органга анын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууга сунуш берет.

5. Ар бир Тарап жогоруда көрсөтүлгөн өзүнүн борбордук органындагы кандай болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчисине маалымдайт.

5-берене. Колдонулуучу укук

1. Суроо-талаптар суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарына ылайык аткарылат.

2. Ар бир Тарап укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткарууга карата конкреттүү жол-жоболорду колдонууну талап кылгандыгын жана суроо-талапты алуучу Тарап өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык суроо-талапты аткара алат.

6-берене. Суроо-талаптын формасы жана мазмуну

1. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап жазуу жүзүндө берилет.

2. Суроо-талапты алуучу Тарап расмий электрондук почта же ушул сыяктуу байланыш каражаттары аркылуу алынган суроо-талапты аткара алат.

3. Суроо-талап төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

a) укуктук жардамды сурап жаткан компетенттүү органдын аталышы;

b) суроо-талаптын максаты жана суралып жаткан укуктук жардамдын сыпатталашы;

c) кылмышты тергөөнүн же териштирүүнүн фактыларынын сыпатталышы, атап айтканда: жагдайлардын убактысы жана жери, алардын юридикалык аталышы, ага ылайык жосун кылмыш катары эсептелген мыйзамдардын жоболору жана зарыл болгон учурда келтирилген зыяндын өлчөмү;

d) суроо-талапты жиберүүчү Тарап суроо-талапты аткарууда сактоону өтүнгөн кандай болбосун конкреттүү жол-жоболордун талаптары жана баяндалышы;

e) аларга карата тергөө иши же кылмыш-жаза процесси жүргүзүлүп жаткан адамдарды, күбөлөрдү же күбө-эксперттерди идентификациялоо;

f) суроо-талапты аткаруу үчүн суратуучу Тарап белгилеген мөөнөт;

g) учурдагы тергөөгө же кылмыш-жаза өндүрүшүндө алардын ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен, чакырыла турган адамдардын толук аты-жөнү, жашаган жери жана мүмкүн болгон учурда телефон номерлери жөнүндө маалыматтар;

h) кароого же тинтүүгө тийиш болгон жерди, ошондой эле тоңдурулууга, камакка алынууга же конфискацияланууга тийиш болгон предметтерди көрсөтүү жана баяндоо;

i) суроо-талапты алуучу Тарап жүргүзүүгө тийиш болгон көрсөтмө же сурак берүүнүн предмети жана эгерде бул суроо-талапты жиберүүчү Тарапка зарыл болсо, анда берилүүгө тийиш болгон толук конкреттүү суроолор;

j) эгерде суроо-талапты аткарууда суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу талап кылынса, алардын аты-жөнү, укуктук абалы жана алардын катышуусунун зарылдыгынын себеби, ошондой эле аларды идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун документтер;

k) укуктук жардам жөнүндө, эгерде болсо, анын мазмуну жана/же ага карата көрүлгөн иш-аракеттер тууралуу суроо-талапты алууда купуялуулукту сактоонун кандайдыр бир талабына көрсөтмө;

l) суроо-талапты аткаруу максатында суроо-талапты алуучу Тарап үчүн пайдалуу болушу мүмкүн болгон кандай болбосун башка маалымат.

4. Эгерде суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талаптын мазмуну аны аткаруу үчүн жетишсиз деп эсептесе, ал кошумча маалыматты сурап ала алат.

7-берене. Тилдер

Ушул Келишимге ылайык каралган укуктук жардам жөнүндө кандай болбосун суроо-талап, ырастоочу документтер жана кошумча маалыматтар суроо-талапты алуучу Тараптын расмий тилине же англис тилине котормосу менен коштолууга тийиш.

8-берене. Укуктук жардам көрсөтүүдөн баш тартуу же кийинкиге калтыруу

1. Укуктук жардам көрсөтүүдөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн, эгерде:

a) суроо-талапты аткаруу суроо-талапты алуучу Тараптын эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка кандай болбосун эгемендик кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болсо;

b) суроо-талапты аткаруу суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарына каршы келсе же ушул Келишимдин жоболоруна ылайык келбесе;

c) суроо-талап суроо-талапты алуучу Тараптын жайгашкан жеринде адам мурда соттолгон же мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм менен акталган, же укук бузуу суроо-талапты жиберүүчү Тараптын жайгашкан жери боюнча мөөнөтү эскирип кеткен ошол эле жосунга тиешелүү болсо;

d) суроо-талап кадимки кылмыш-жаза мыйзамында каралбаган аскердик кылмыштарга байланыштуу болсо;

e) суроо-талапты алуучу Тарапта суроо-талап адамды анын расасынын, жынысынын, дининин, улутунун же саясий көз карашынын белгилери боюнча куугунтуктоо максатында берилген же мындай адамдын абалына көрсөтүлгөн себептердин кайсы болбосун бири зыян келтирилиши мүмкүн деп эсептөөгө акылга сыярлык негиз бар болсо;

f) суроо-талап саясий мүнөздөгү кылмышка же саясий кылмыш менен байланышкан кылмышка тиешелүү болсо. Мында төмөнкүлөр саясий укук бузуулар болуп саналбайт:

i) мамлекеттин же өкмөттүн башчысын же анын үй-бүлө мүчөсүн өлтүрүү же өмүрүнө, дене кол тийгистигине же эркиндигине кол салуу түрүндөгү башка кылмыштар;

ii) террористтик мүнөздөгү кылмыштар жана эки мамлекет тең катышуучу болуп саналган кандайдыр бир эл аралык келишимге, конвенцияга же макулдашууга ылайык саясий кылмыш катары каралбаган кандай болбосун башка кылмыштар;

g) ага карата суроо-талап берилген кылмыш суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарында тыюу салынган жазанын башка түрү менен жазаланат же өлүм жазасына тартылат.

2. Банктык же салыктык сырлардын негизинде жардам берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

3. Эгерде суроо-талапты аткаруу суроо-талапты алуучу Тарап жайгашкан жери боюнча кылмыш-жаза өндүрүшүн жүргүзүүгө тоскоолдук жаратса, суроо-талапты алуучу Тарап укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткарууну кийинкиге калтырышы мүмкүн.

4. Суроо-талапты четке кагуудан же анын аткарылышын кийинкиге калтыруудан мурда суроо-талапты алуучу Тарап белгилүү бир шарттарда жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн. Ушул максатта ар бир Тараптын ушул Келишимдин 4-беренесине ылайык дайындалган борбордук органдары бири-биринен консультация алат жана эгерде суроо-талапты жиберүүчү Тарап мындай шарттуу жардамды кабыл алса, суроо-талап макулдашылган шарттарга ылайык аткарылууга тийиш.

5. Эгерде суроо-талапты алуучу Тарап укуктук жардам көрсөтүүдөн баш тартса же кийинкиге калтырса, ал мындай баш тартуунун же кийинкиге калтыруунун себептери жөнүндө суроо-талапты жиберүүчү Тарапка жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттенет.

9-берене. Суроо-талапты алуучу Тараптан далилдерди алуу

1. Суроо-талапты алуучу Тарап өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык күбөлөрдү, жабырлануучуларды, аларга карата тергөө жүрүп же айыпталып жаткан адамдарды, эксперттерди же башка адамдарды суракка алат. Ал ошондой эле укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапта көрсөтүлгөн жазууларды, документтерди жана башка кандай болбосун далилдерди алат жана аларды суроо-талапты жиберүүчү Тарапка берет.

2. Суроо-талапты алуучу Тарап мурунку пунктта көрсөтүлгөн, ошондой эле ушул Келишимдин 6-беренесинин 3-пунктунун "j" пунктчасынын максаттары үчүн далилдерди чогултуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлө турган дата жана жери жөнүндө суроо-талапты жиберүүчү Тарапты тез арада маалымдоого милдеттенет. Зарыл болгон учурда борбордук органдар эки Тарап үчүн тең ыңгайлуу болгон датаны белгилөө үчүн бири-биринен консультация алат.

3. Көрсөтмө берүү үчүн чакырылган адам, эгерде буга суроо-талапты алуучу же суроо-талапты жиберүүчү Тараптын ички мыйзамдары жол берсе, көрсөтмө берүүдөн баш тарта алат; ушуга байланыштуу суроо-талапты жиберүүчү Тарап жардам көрсөтүү үчүн суроо-талапта муну түздөн-түз көрсөтүүгө тийиш, ал эми чакырылган адам мындай укуктун бар экендиги жөнүндө атайын маалымдалууга тийиш.

4. Суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын ички мыйзамдарында каралган жана суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарына карама-каршы келбеген бардык учурларда көрсөтмө берүү үчүн чакырылган адамдын жактоочусунун катышуусуна уруксат берет.

5. Көрсөтмөлөрдү берүү үчүн чакырылган адам көрсөткөн документтер жана башка буюм далилдери көрсөтүлгөн Тараптын ички мыйзамдарына ылайык суроо-талапты жиберүүчү Тараптын жайгашкан жери боюнча далил катары алынышы жана жеткиликтүү болушу мүмкүн.

10-берене. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптан далилдерди алуу

1. Суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын талабы боюнча сурак жүргүзүү, көрсөтмөлөрдү же башка билдирүүлөрдү берүү максатында же болбосо эксперт катары угуу үчүн же процессуалдык мүнөздөгү башка иш-аракеттерди аткаруу үчүн суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органына келүү үчүн адамды чакырат. Суроо-талапты алуучу Тарап көрсөтүлгөн адамдын келиши мүмкүн (даяр) экендиги жөнүндө суроо-талапты жиберүүчү Тарапка дароо билдирет.

2. Эгерде суроо-талапты алуучу Тарап шашылыш жагдайларда бир кыйла кыска мөөнөттү макулдашпаса, суроо-талапты жиберүүчү Тарап суроо-талапты алуучу Тарапка суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органына келүү жөнүндө чакыруу кагазын тапшыруу тууралуу суроо-талапты келүү үчүн белгиленген күнгө чейин кеминде 60 (алтымыш) күн калганда өткөрүп берет.

3. Арызда суроо-талапты жиберүүчү Тарап чакырылган адам алууга укуктуу болгон кандайдыр бир үлүштүн жана чыгымдардын ордун толтуруунун өлчөмүн көрсөтөт.

11-берене. Шарттардын квалификациясынын өзгөрбөстүгү жөнүндө кепилдиктер жана ченем

1. Ушул Келишимдин 10-беренесине ылайык суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагында жүргөн адам:

a) суроо-талапты жиберүүчү Тарап ага карата көрсөтүлгөн Тараптын аймагына киргенге чейин жасалган кылмыштарга байланыштуу тергөө жүргүзбөөгө, жоопкерчиликке тартпоого, соттобоого же жеке эркиндигинен ажыратуунун кандайдыр бир башка чарасына дуушар кылбоого тийиш;

b) суроо-талапты алуучу Тарап жана кызыкдар адам буга макулдугун берген учурларды кошпогондо, көрсөтмө берүүгө же башка билдирүүлөрдү жасоого, ошондой эле жардам берүү жөнүндө суроо-талапта көрсөтүлгөндөн айырмаланган соттук териштирүүгө байланыштуу кандайдыр бир ишке катышууга милдеттүү эмес.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кепилдиктер каралбайт, эгерде анда көрсөтүлгөн адам:

a) анын катышуусунун зарылдыгы жок экендиги жөнүндө расмий кабарлаган учурдан тартып 30 (отуз) күндүн ичинде суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагынан чыгып кетпесе. Көрсөтүлгөн адам ага көз карандысыз себептерден улам суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагынан чыкпаган мезгил мындай мөөнөткө эсептелбейт;

b) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагынан чыгып кеткенден кийин ага өз ыктыяры менен кайтып келсе.

3. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык берилген чакыруу кагазы боюнча келбеген же болбосо ушул Келишимдин 10-беренесине ылайык көрсөтмө берүүдөн же башка процессуалдык иш-аракеттерге катышуудан баш тарткан адам, баш тартуунун же келбей коюунун натыйжасында компетенттүү органга мажбурлап жеткирүүнү кошкондо, мажбурлоонун кандайдыр бир чараларына дуушар болбойт. Суроо-талап боюнча ушундай эле жагдайларда суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарында каралган башка мүнөздөгү тиешелүү санкциялар колдонулушу мүмкүн.

4. Ушул Келишимдин 10-беренесине ылайык аны уккан күбө же күбө-эксперт өзүнүн көрсөтмөлөрүнүн же отчетторунун мазмуну, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органына келген учурда жасалган кылмыш катары каралган башка ар кандай иш-аракеттер сыяктуу эле көрсөтүлгөн Тараптын колдонулган ички мыйзамдарына ылайык ушундай кылмышка карата анын юрисдикциясын эске алуу менен жоопкерчилик тартат.

12-берене. Кармалган адамдарды убактылуу өткөрүп берүү

1. Эгерде ушул Келишимдин 14-беренесинин 4-пунктуна ылайык видеоконференция мүмкүн эмес болсо, суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын суроо-талабы боюнча анын аймагында кармалган адамды суракка алуу, көрсөтмөлөрдү же башка билдирүүлөрдү берүү максатында компетенттүү органга келүүгө, ошондой эле өткөрүп берүү жана анын шарттары жөнүндө Тараптардын ортосундагы алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдашуунун негизинде башка процессуалдык иш-аракеттерге катышууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн суроо-талапты жиберүүчү Тарапка убактылуу өткөрүп бериши мүмкүн.

2. Адамды убактылуу өткөрүп берүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн:

а) бул суроо-талапты алуучу Тараптын аймагында жүргүзүлгөн тергөөлөргө же көрсөтүлгөн адам катышууга тийиш болгон кылмыш-жаза процесстерине тоскоол болбосо;

b) өткөрүп берилген адам суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагында камакта болсо;

c) эгерде көрсөтүлгөн адам суракка алынууга тийиш болгон учурда, кармалган адам ага өзүнүн макулдугун берсе.

3. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын турган жери боюнча камакта болуу убактысы алдын ала камоо же жазаны аткаруу максаттары үчүн суроо-талапты алуучу Тараптын турган жери боюнча эсептелет.

4. Эгерде убактылуу өткөрүп берүү үчүн кармалган адамды үчүнчү тараптын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүү зарыл болсо, суроо-талапты жиберүүчү Тарап зарыл болгон учурда үчүнчү тараптын компетенттүү органына транзит жөнүндө суроо-талапты берет жана суроо-талапты алуучу Тарапка тиешелүү документтерди берүү менен, көрсөтүлгөн суроо-талапты кароонун натыйжалары жөнүндө өз убагында маалымдайт.

5. Суроо-талапты жиберүүчү Тарап ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн процессуалдык иш-аракеттер аяктагандан кийин же борбордук органдар тарабынан атайын макулдашылган башка ар кандай мөөнөт аяктагандан кийин суроо-талапты алуучу Тарапка убактылуу өткөрүп берилген адамды токтоосуз кайтарып берүүгө милдеттенет.

6. Ушул беренеге ылайык убактылуу өткөрүп берилүүчү адамга тиешелүү учурларда ушул Келишимдин 11-беренесинде көрсөтүлгөн кепилдиктер берилет.

7. Суроо-талапты алуучу Тарап жүйөлүү жана орчундуу негиздер болгон учурда убактылуу өткөрүп берүүдөн баш тартышы мүмкүн.

13-берене. Кылмыш тергөөлөрүнө же териштирүүлөргө катышкан жабырлануучуларды, күбөлөрдү жана башка тараптарды коргоо

Тергөөнүн натыйжаларын камсыз кылуу жана сот адилеттигин талаптагыдай жүргүзүү зарыл болгон учурда, эки Тарап тең кылмышты тергөөгө же териштирүүгө катышкан жабырлануучуларды, күбөлөрдү жана башка тараптарды коргоо үчүн алардын ички мыйзамдарында каралган чараларды көрөт.

14-берене. Видеоконференция режиминде катышуу

1. Эгерде адам суроо-талапты алуучу Тараптын аймагында болсо жана анын келүүсү суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органы тарабынан күбө же эксперт катары талап кылынса, эгерде адам үчүн суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагына өз ыктыяры менен келүү мүмкүн болбосо же максатка ылайыксыз болсо, көрсөтүлгөн Тарап ушул берененин жоболорун сактоо менен видеоконференция аркылуу аны өткөрүүнү талап кылышы мүмкүн.

2. Видеоконференция аркылуу катышуу тергөөдө же кылмыш куугунтугунда болгон адамды суракка алуу жана анын сот жыйынына катышуусу үчүн, эгерде ал буга макулдук берсе жана бул ар бир Тараптын ички мыйзамдарына каршы келбесе да суралышы мүмкүн. Мындай учурда сотко келген адамды коргоо адвокатына суроо-талапты алуучу Тараптын аймагындагы көрсөтүлгөн адамдын турган жерине же суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү сот органына келүүсүнө уруксат берилүүгө тийиш. Коргоо адвокатына купуялуулук шарттарында өзүнүн корголуучусу менен аралыктан байланышууга мүмкүнчүлүк да берилүүгө тийиш.

3. Эгерде угууга же суракка алынууга тийиш болгон адам суроо-талапты алуучу Тараптын аймагында кармалса, видеоконференция аркылуу катышуу дайыма жүргүзүлөт.

4. Суроо-талапты алуучу Тарап аны ишке ашыруу үчүн техникалык каражаттар болгон шартта видеоконференция аркылуу катышууга уруксат берет.

5. Видеоконференция аркылуу катышуу жөнүндө суроо-талаптарда ушул Келишимдин 6-беренесинде каралган маалыматтардан тышкары, суроо-талапты жиберүүчү Тарапта камакка алынган деп эсептелбеген адамдын же угууга же суракка алынууга тийиш болгон адамдын жеке катышуусунун мүмкүн эместигинин же максатка ылайыксыздыгынын себептери көрсөтүлүүгө тийиш. Суроо-талапта арыздарды алуучу компетенттүү орган жана адамдар да көрсөтүлүүгө тийиш.

6. Суроо-талапты алуучу Тараптын компетенттүү органы өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык кызыкдар адамды чакырат.

7. Видеоконференция режиминде катышууга карата төмөнкү жоболор колдонулат:

a) көрсөтмөлөрдү алууда эки Тараптын тең компетенттүү органдары зарыл болгон учурда котормочуну тартуу менен катышууга тийиш. Суроо-талапты алуучу Тараптын компетенттүү органы келген адамдын ким экендигин аныктоого жана ушул ишти анын ички мыйзамдарына ылайык жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш. Эгерде суроо-талапты алуучу Тараптын компетенттүү органы далилдерди топтоодо анын ички мыйзамдарынын негизги принциптери сакталган жок деп эсептесе, ал ишти көрсөтүлгөн принциптерге ылайык жүргүзүү үчүн дароо зарыл болгон ар түрдүү чараларды токтоосуз көрүүгө тийиш;

b) эгерде бул зарыл болсо, эки Тараптын компетенттүү органдары чакырылган адамды коргоо чараларын өз ара макулдашат;

c) эгерде бул зарыл болсо, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын же келген адамдын суроо-талабы боюнча суроо-талапты алуучу Тарап бул адамга котормочунун жардамын камсыз кылат;

d) эгерде суроо-талапты алуучу же суроо-талапты жиберүүчү Тараптардын ички мыйзамдарында буга жол берилсе көрсөтмөлөрдү берүү үчүн чакырылган адам көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартышы мүмкүн.

8. Ушул берененин 7-пунктунун "b" пунктчасынын жоболорун кошпогондо, суроо-талапты алуучу Тараптын компетенттүү органы катышуунун аягында расмий протоколду түзөт, анда келүү датасы жана жери, келген адамдын идентификациялык маалыматтары, ишке катышкан бардык башка адамдардын идентификациялык маалыматтары жана ыйгарым укуктары, ошондой эле ага ылайык далилдер топтолгон техникалык шарттар көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн расмий протоколдун түп нускасы суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органы тарабынан өзүнүн тиешелүү борбордук органдары аркылуу суроо-талапты алуучу Тараптын компетенттүү органына дароо жөнөтүлүүгө тийиш.

9. Эгерде суроо-талапты алуучу Тарап толук же жарым-жартылай мындай ордун толтуруудан баш тартпаса, видеоконференцияны өткөрүүдө суроо-талапты алуучу Тарап тарткан чыгымдарды суроо-талапты жиберүүчү Тарап төлөйт.

10. Суроо-талапты алуучу Тарап видеоконференция байланыш технологияларын жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн башка максаттарда, анын ичинде беттештирүү жана адамдарды же предметтерди таануу үчүн колдонууга уруксат бериши мүмкүн.

15-берене. Расмий же ачык документтерди берүү

1. Суроо-талап боюнча суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тарапка кеңселерден же мамлекеттик органдардан коомчулукка жеткиликтүү болгон жазуулардын же документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттенет.

2. Суроо-талапты алуучу Тарап кеңселерден же мамлекеттик органдардан коомчулукка жеткиликтүү болбогон жазуулардын же документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн мындай көчүрмөлөр сот же укук коргоо органдарына жеткиликтүү болгон көлөмдө жана шарттарда бере алат. Суроо-талапты алуучу Тарап жогорудагы суроо-талапты өзүнүн каалоосу боюнча толугу менен же жарым-жартылай четке кагышы мүмкүн.

16-берене. Документтерди, жазууларды же предметтерди берүү

1. Эгерде укуктук жардам көрсөтүүгө суроо-талап ушул Келишимдин 15-беренесинде көрсөтүлгөндөн айырмаланган документтерди же жазууларды өткөрүп берүүгө тиешелүү болсо, суроо-талапты алуучу Тарап алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бере алат. Бирок суроо-талапты жиберүүчү Тарап түп нускаларды өткөрүп берүүнү түздөн-түз талап кылган ар бир учурда, суроо-талапты алуучу Тарап бул суроо-талапты өзүнүн мыйзамдарына жана ченемдик эрежелерине ылайык мүмкүн болушунча аткарууга милдеттенет.

2. Бул суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарына каршы келбеген шартта, ушул беренеге ылайык суроо-талапты жиберүүчү Тарапка өткөрүп берилүүчү документтер жана башка материалдар бул Тараптын ички мыйзамдарына ылайык аларды жарактуу кылуу максатында суроо-талапты жиберүүчү Тарап көрсөткөн шарттарга ылайык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

3. Суроо-талапты жиберүүчү Тарапка өткөрүп берилген документтердин жана жазуулардын түп нускалары, ошондой эле предметтер суроо-талапты алуучу Тарап сураган учурда кыска мөөнөттүн ичинде кайтарып берилүүгө тийиш.

17-берене. Тинтүү, камакка алуу жана конфискациялоо

1. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын өтүнүчү боюнча суроо-талапты алуучу Тарап колдонулган улуттук мыйзамдарга ылайык анын аймагында кылмыштуу иштен келип түшкөн тике же кыйыр кирешелердин же кылмышка байланышкан предметтердин болгондугун аныктоо максатында суралган текшерүүлөрдү же териштирүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн жана мындай териштирүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө суроо-талапты жиберүүчү Тарапка билдирет. Суроо-талапты жиберүүчү Тарап суроо-талапты жиберүү менен суроо-талапты алуучу Тарапка кылмыштан келип түшкөн тике же кыйыр кирешелердин же кылмышка байланышкан предметтердин суроо-талапты алуучу Тараптын аймагында болушу мүмкүн деп болжолдоого түрткү берген негиздерди маалымдайт.

2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык кылмыш ишинен келип түшкөн тике же кыйыр кирешелер же кылмышка байланышкан предметтер аныкталганда, суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын суроо-талабы боюнча мындай кирешелерди же предметтерди тоңдуруу, алып коюу жана конфискациялоо максатында анын ички мыйзамдарында каралган ар түрдүү чараны көрөт.

3. Тараптар конфискацияланган мүлктү же активдерди өздөрүнүн ички мыйзамдарына ылайык бөлүштүрө алат. Бул максатта алар ар бир конкреттүү учурда, анын ичинде бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон мүлктү, ар бир Тарапка тиешелүү үлүштү жана колдонулуучу башка шарттарды аныктаган атайын макулдашууларды же келишимдерди түзөт.

4. Эгерде ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн активдер суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекеттик каражаттары болуп саналса же жабырлануучуга кайтарылууга тийиш болсо, суроо-талапты алуучу Тарап конфискацияланган мындай активдерди суроо-талапты жиберүүчү Тарапка толугу менен кайтарып берет.

5. Ушул беренени колдонууда суроо-талапты алуучу Тараптын же ак ниеттүү үчүнчү жактардын көрсөтүлгөн кирешелерге же предметтерге карата ар кандай укуктары корголууга тийиш.

18-берене. Банктык жана финансылык маалымат

1. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын суроо-талабы боюнча суроо-талапты алуучу Тарап кылмыш жасаган деп шектелген же айыпталган белгилүү бир жеке же юридикалык жак өзүнүн аймагында жайгашкан кайсы болбосун банкта бир же бир нече банк эсебинин ээси экендигин дароо аныктоого тийиш. Суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тарапка тиешелүү маалыматты, анын ичинде ушул сыяктуу эсептерди пайдаланууга ыйгарым укуктуу адамдардын ким экендиги, көрсөтүлгөн эсептердин жайгашкан жери жана аларга байланышкан ар түрдүү транзакциялар жөнүндө маалыматты берет.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн суроо-талап банктардан тышкары финансылык мекемелерге же башка органдарга да тиешелүү болушу мүмкүн.

3. Суроо-талапты алуучу Тарап өзүнүн суроо-талаптарынын жыйынтыктары жөнүндө суроо-талапты жиберүүчү Тарапка токтоосуз маалымдайт.

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жардамдан банктык сырдын негизинде баш тартууга жол берилбейт.

19-берене. Соттук куугунтуктоого суроо-талап

1. Тараптардын бири экинчи Тараптан суроо-талапты жиберүүчү Тараптын юрисдикциясына кирген кылмыштарды жасоого айыпталган суроо-талапты алуучу Тараптын жаранын же анын аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашаган жарандыгы жок адамды жоопкерчиликке тартууну талап кылышы мүмкүн.

2. Суроо-талапты алуучу Тарап өзүнүн компетенттүү органдарына алар өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуусу үчүн суроо-талапты берет.

3. Эгерде куугунтуктоонун предмети болгон кылмыш, кылмыштан зыян тарткан адамдар тарабынан коюлган жарандык доолордун предмети болуп саналса, мындай доолор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн алкагында каралууга тийиш.

4. Жоопкерчиликке тартуу жөнүндө суроо-талап төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

a) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органынын аталышы;

b) кылмыш жасаган деп айыпталган адамдын фамилиясы жана аты, анын жарандыгы, жашаган жери жана мүмкүн болсо дене боюнун сыпаттамасы, жакын арада түшкөн сүрөтү, манжа издери жана аны идентификациялоо үчүн пайдалуу болгон башка маалыматтар;

c) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын юрисдикциясына кирген кылмыштын сыпаттамасы жана юридикалык белгилениши;

d) тиешелүү иш-аракеттер же аракетсиздик жасалган убакытты жана жерди мүмкүн болушунча так көрсөтүү;

e) зарыл болгон учурда документтердин түп нускаларын жана буюм далилдерин кайтарып берүүнү талап кылуу.

5. Жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:

a) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагында колдонулган, кылмыш куугунтугунун максаттары үчүн мааниге ээ болгон кылмыш-жаза укугунун ченемдеринин жана зарыл болгон учурда мыйзамдын башка ченемдеринин тексти;

b) иштин материалдары же алардын түп нуска көчүрмөлөрү, ошондой эле колдо болгон далилдер;

c) эгерде бар болсо, зыяндын ордун толтуруу жана балким, алардын суммасын баалоо жөнүндө талаптар;

d) эгерде зарыл болсо, суроо-талапты алуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык кылмыштан зыян келтирген адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнмө.

6. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын талабы боюнча үчүнчү жактардын укуктарын камсыз кылуу максатында суроо-талапты алуучу Тарап документтердин түп нускаларын, ошондой эле буюм далилдерди кайтарып бериши мүмкүн.

7. Суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тарапка анын суроо-талабы боюнча кабыл алынган ар кандай чаралар жана соттук куугунтуктоонун натыйжалары жөнүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттенет, ошондой эле анын компетенттүү органы тарабынан кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн жиберет.

8. Суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тарапка ал кылмыш куугунтугун жүргүзүүгө макул экендигин билдирген учурда, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органы ошол эле фактылар боюнча адамга карата козголгон кылмыш ишин кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө суроо-талаптын негизинде токтотот.

9. Эгерде суроо-талапты алуучу Тараптын сот органы тарабынан суроо-талапта көрсөтүлгөн адамга карата чечим чыгарылгандыгы же кабыл алынгандыгы суроо-талап берилгенден кийин аныкталса, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органдары бул адамды ошол эле иш-аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликке тарта албайт.

10. Эгерде суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты аткарбоо же кылмыш куугунтугун козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, ал суроо-талапты жиберүүчү Тарапка ага берилген бардык досьени жана иш жүзүндөгү далилдерди токтоосуз кайтарып берүүгө милдеттүү.

20-берене. Кылмыш иштери боюнча маалымат алмашуу

Суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талап негизделген кылмыш-жаза өндүрүшүнүн максаттары үчүн суроо-талапты жиберүүчү Тараптын кандай болбосун жарандарына карата кылмыш иштери, мурдагы соттолгондугу жана суроо-талапты алуучу Тараптын турган жери боюнча чыгарылган өкүмдөр жөнүндө маалыматты суроо-талапты жиберүүчү Тарапка берет.

21-берене. Укуктук маселелер боюнча маалымат алмашуу

Тараптар суроо-талап боюнча колдонуудагы тиешелүү ички мыйзамдар жөнүндө, ошондой эле ушул Келишимди аткарууга карата колдонулуучу өздөрүнүн тиешелүү соттук практикалары тууралуу маалыматтар менен алмашат.

22-берене. Өкүмдөрдү жана соттуулугу жөнүндө маалыматтарды өткөрүп берүү

1. Кылмыш иши боюнча өкүмдү өткөрүп берүүдө, эгер суроо-талапты жиберүүчү Тарап талап кылса, суроо-талапты алуучу Тарап тиешелүү териштирүү жөнүндө маалыматты берүүгө тийиш.

2. Суроо-талапты жиберүүчү Тарапта кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн максаттары үчүн зарыл болгон соттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн тарапка берилет, эгерде алар ушундай эле жагдайларда суроо-талапты алуучу Тараптын сот органдарына берилиши мүмкүн болсо.

23-берене. Биргелешкен тергөө топтору

1. Компетенттүү органдар өз ара макулдашуу боюнча Тараптардын биринин же эки Тараптын тең аймагында кылмыш ишин тергөөнү жүргүзүү үчүн өз ара макулдашуу боюнча мөөнөтү узартылышы мүмкүн болгон чектелген мөөнөткө жана конкреттүү максатка биргелешкен тергөө топторун түзө алышат.

2. Топтун курамы аны түзүү жөнүндө тиешелүү макулдашууда көрсөтүлүүгө тийиш жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана/же сот бийлигинин мүчөлөрүн камтышы мүмкүн. Биргелешкен тергөө тобу төмөнкү учурларда түзүлүшү мүмкүн:

a) Тараптардын бири экинчи Тараптын катышуусу менен өзгөчө татаал иликтөөлөрдү талап кылган кылмыштар боюнча тергөө иштерин жүргүзсө;

b) эки Тарап тең тиешелүү жагдайлардан улам макулдашылган жана координацияланган иш-аракеттерди талап кылган кылмыштарга тергөө жүргүзүшсө.

3. Биргелешкен тергөө тобун түзүү жөнүндө суроо-талап кызыкдар болгон Тараптын компетенттүү органы тарабынан берилиши мүмкүн, ал тиешелүү иш-аракеттерди кандай жүргүзүү керектигин сунуштоого тийиш.

4. Ушул беренеге ылайык чогултулган кандай болбосун далилдер ушул Келишимге ылайык укуктук жардам жөнүндө суроо-талапты аткаруунун алкагында алынган далилдер катары каралат.

5. Ушул берененин максаттары үчүн төмөнкүлөр компетенттүү органдар болуп саналат:

a) Кыргыз Республикасы үчүн - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;

b) Италия Республикасы үчүн - соттук куугунтуктоону жүзөгө ашыруучу сот органы.

24-берене. Биргелешкен тергөө топторунун катышуучуларынын жана персоналынын статусу

1. Биргелешкен тергөө топторунун катышуучулары жана персоналы топ иштеп жаткан Тараптын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарды сактоого милдеттүү.

2. Тараптардын биринин органы болуп саналган биргелешкен тергөө топторунун катышуучуларына жана персоналына алар башка Тараптын аймагында кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда 1961-жылдагы Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясына ылайык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн административдик-техникалык персоналына таанылган иммунитеттерге окшош иммунитеттер берилет.

25-берене. Контролдонуучу берүү

1. Тараптардын ар бири экинчи Тараптын аймагында далилдерди алууга же кылмышкерлерди аныктоого, издөөгө жана кармоого багытталган контролдонуучу берүүлөрдү ишке ашыра алат.

2. Контролдонуучу берүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим ар бир конкреттүү учурда суроо-талапты алуучу Тараптын компетенттүү органы тарабынан анын ички мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.

3. Контролдонуучу берүүлөр суроо-талапты алуучу Тараптын аймагында колдонулган тартипте, ошондой эле колдонулуучу эл аралык укукту сактоо менен жүзөгө ашырылат. Суроо-талапты алуучу Тараптын компетенттүү органдары операцияларды жүргүзүүгө демилге кылуу, жетекчилик кылуу жана контролдоо укугун сактап калат.

4. Чыгымдарга карата ушул Келишимдин 27-беренеси колдонулат.

5. Ушул берененин максаттары үчүн төмөнкүлөр компетенттүү органдар болуп саналат:

a) Кыргыз Республикасы үчүн - Башкы прокуратура;

b) Италия Республикасы үчүн - соттук куугунтуктоону жүзөгө ашыруучу сот органы.

6. Компетенттүү органдар контролдонуучу берүүлөргө суроо-талаптарды ушул Келишимдин 4-беренесинде көрсөтүлгөн борбордук органдар аркылуу беришет.

26-берене. Документтердин жана жазуулардын аныктыгы жана аларды легалдаштыруу зарылдыгынан бошотуу

1. Ушул Келишимге ылайык берилүүчү документтер, жазуулар жана башка ар кандай буюмдар кандайдыр бир легалдаштырууну, сертификациялоону (күбөлөндүрүүнү) же аныктыгын ырастоону талап кылбайт жана суратуучу Тарапта далил катары колдонууга толугу менен жол берилет.

2. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын суроо-талабы боюнча суроо-талапты алуучу Тарап атайын сертификациялоону же аныктыгын ырастоону камсыз кылат.

27-берене. Сарптоолор жана чыгымдар

1. Суроо-талапты алуучу Тарап укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу менен байланышкан сарптоолорду жана чыгымдарды тартат. Муну менен бирге суроо-талапты жиберүүчү Тарап төмөнкү сарптоолорду жана чыгымдарды тартат:

a) ушул Келишимдин 6-беренесинин 4-пунктунун "j" пунктчасында көрсөтүлгөн адамдардын суроо-талапты алуучу Тараптын аймагында жүрүүсүнө жана болуусуна кеткен чыгымдар;

b) ушул Келишимдин 10-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын иш сапарларынын чыгымдары, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагында жүрүүсүнө жана болуусуна кеткен чыгымдар;

c) ушул Келишимдин 12-беренесинде көрсөтүлгөн талапты аткарууда келип чыккан чыгымдар;

d) ушул Келишимдин 13-беренесинде көрсөтүлгөн максаттарда келтирилген чыгымдар;

e) видеоконференция чыгымдары, ушул Келишимдин 14-беренесинин 9-пунктуна зыян келтирбестен;

f) эксперттердин чыгымдары жана гонорарлары;

g) жазуу жүзүндөгү жана оозеки котормонун чыгымдары жана гонорарлары, ошондой эле транскрипцияга чыгымдар;

h) алып коюлган же конфискацияланган буюмдарды сактоо жана өткөрүп берүү чыгымдары.

2. Эгерде суроо-талап олуттуу же өзгөчө мүнөздөгү чыгымдарга алып келсе, мисалы, биргелешкен тергөө топторунда жана/же контролдонуучу берүүлөрдө Тараптардын борбордук органдары суроо-талап аткарыла турган шарттарды, ошондой эле чыгымдарды жабуу тартибин аныктоо үчүн бири-бири менен кеңешет.

28-берене. Купуялуулук

1. Суроо-талапты алуучу Тарап, эгерде суроо-талапты жиберүүчү Тарап бул жөнүндө суранса, укуктук жардам көрсөтүү боюнча суроо-талапка, анын ичинде анын мазмунуна, ырастоочу документтерге жана суроо-талапты аткаруу үчүн алынган бардык документтерге карата купуялуулукту сактоого милдеттенет. Эгерде суроо-талаптын мындай купуялуулук шарттарын бузбастан аткарылышы мүмкүн болбосо, суроо-талапты алуучу Тарап ушул тууралуу суроо-талапты жиберүүчү Тарапка билдирүүгө милдеттенет, ал өз кезегинде ага карабастан өтүнүчтү аткаруу керекпи же жокпу чечим кабыл алат.

2. Суроо-талапты жиберүүчү Тарап суроо-талапты алуучу Тарап берген ар кандай маалыматты же далилдерди, эгерде ал сураса, купуя катары кароого милдеттенет.

3. Ар бир Тарап алынган маалыматтын жоготуудан, мыйзамсыз кирүүдөн, колдонуудан, өзгөртүү киргизүүдөн жана ачыкка чыгаруудан же кыянаттык менен пайдалануудан корголушуна кепилдик берет.

29-берене. Жеке маалыматтарды коргоо

1. Ушул берененин 2-пунктуна зыян келтирбестен, жеке маалыматтар укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн зарыл жана шайкеш болгон учурларда гана, ошондой эле Тараптардын ички мыйзамдарына жана колдонулуучу эл аралык укукка ылайык башка учурларда чогултулушу жана берилиши мүмкүн.

2. Ушул Келишимге ылайык берилген суроо-талапты аткаруунун натыйжасында экинчи Тарапка берилген жеке маалыматтарды кабыл алуучу Тарап тарабынан төмөнкүдөй максаттарда гана пайдаланышы мүмкүн:

a) ушул Келишимге ылайык анын алкагында укуктук жардам суралып жаткан кылмыш өндүрүшүнүн максаттары үчүн;

b) ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн өндүрүшкө түздөн-түз байланышкан башка кылмыш иштери боюнча;

c) коомдук коопсуздукка түздөн-түз жана олуттуу коркунучту болтурбоо үчүн.

3. Мындай маалыматтар башка максаттар үчүн да колдонулушу мүмкүн, эгерде жеке маалыматтарды берген Тарап буга алдын ала макулдук берген болсо.

4. Тараптардын ар бири жеке маалыматтарды берүүдөн баш тарта алат, эгерде мындай маалыматтар анын ички мыйзамдары менен корголсо жана ошол эле деңгээлдеги коргоону экинчи Тарап камсыз кыла албаса.

5. Жеке маалыматтарды берген Тарап экинчи Тараптан мындай маалыматтарды колдонуу жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышы мүмкүн. Маалыматтарды алган Тарап мындай суроо-талапты аткарууга милдеттүү.

6. Ушул Келишим боюнча берилүүчү жеке маалыматтар мындай маалыматтарды алган Тараптын ички мыйзамдарына ылайык иштелип чыгат жана жок кылынат. Көрсөтүлгөн чектөөлөргө карабастан, берилген маалыматтар алар өткөрүлүп берилген максаттар үчүн талап кылынбай калгандан кийин дароо жок кылынышы керек.

7. Ушул берене жеке маалыматтарды берип жаткан Тараптын укуктук жардам берүү жөнүндө суроо-талапты аткарууга шарттары жок болгондо ар бир конкреттүү учурда кошумча шарттарды белгилөө мүмкүнчүлүгүн чектебейт. Эгерде ушул пунктка ылайык кошумча шарттар белгиленсе, жеке маалыматтар берилген Тарап алынган маалыматтарды ушундай шарттарга ылайык иштеп чыгат.

30-берене. Башка эл аралык келишимдер менен байланыш

1. Ушул Келишим эки Тарап тең тараптары болуп саналган башка эл аралык келишимдерге ылайык ар бир Тараптын экинчи Тарап менен укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташуусуна тоскоолдук жаратпайт.

2. Ушул Келишим колдонулуучу эл аралык укукка жана Италия Республикасы үчүн - анын Европа Бирлигине мүчөлүгүнөн келип чыгуучу милдеттенмелерге, ал эми Кыргыз Республикасы үчүн - ал тарап болуп саналган башка эл аралык уюмдарга мүчөлүгүнөн келип чыгуучу милдеттенмелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

31-берене. Консультациялар

Тараптар зарыл болгон учурда, ушул Келишимди кыйла натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү максатында өз ара макулдашуу боюнча бири-бири менен кеңешет. Тараптар ошондой эле ушул Келишимдин аткарылышын жеңилдетүү үчүн зарыл болгон практикалык чараларды макулдаша алышат.

32-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу

Ушул Келишимди чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаш-тартыштар борбордук органдардын ортосундагы кеңешүүлөр аркылуу чечилет.

33-берене. Күчүнө кириши, түзөтүүлөрдү киргизүү жана ишин токтотуу

1. Ушул Келишим Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон өздөрүнүн мамлекеттик ички жол-жоболорун аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине расмий маалымдаган эки кабарлоонун экинчисин алган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Келишимге түзөтүүлөр Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча каалаган убакта киргизилиши мүмкүн. Кандай болбосун оңдоолор ушул берененин 1-пунктунда каралган жол-жобого ылайык күчүнө кирет жана ушул Келишимдин бөлүгү болуп саналат.

3. Ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү чектелбейт. Ар бир Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу каалаган убакта андан чыга алат. Келишимдин колдонулушун токтотуу мындай билдирүүнү алган күндөн тартып 180 (жүз сексен) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул Келишимдин колдонулушун токтотуу анын колдонулушу токтотулган күнгө чейин башталган өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн кандайдыр бир жол-жоболоруна зыян келтирбейт.

4. Ушул Келишим, эгерде тиешелүү укук бузуулар мурда жасалган болсо да, мындай укук бузууларды куугунтуктоо Тараптардын кайсынысынын болбосун мыйзамдарында белгиленген эскирген мөөнөттөрү менен чектелбеген шартта, ал күчүнө киргенден кийин берилген кандай болбосун суроо-талапка карата колдонулат. Муну тастыктоо үчүн тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол коюучулар ушул Келишимге кол коюшту.

 

202___-жылдын /_____/________ _____________ шаарында эки түп нускада, кыргыз, орус, италия жана англис тилдеринде кол коюлган, мында бардык тексттер аутенттүү болуп саналат. Чечмелөөдө ар кандай айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

 

Кыргыз Республикасынын атынан

 

Италия Республикасынын атынан

________________________________________

 

________________________________________