ПостановлениеДействует

Постановление Сары-Озонского айылного кенеша 2026 год 23 января №01-7/04 «О введении санитарной нормы для канала Р-16»

Редакцияот 23.01.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 23-январы №01-7/04

 

Р-16 каналына санитардык норма киргизүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Алыскы Арал айылынын Р-16 каналына санитардык норма төмөндөгүдөй бекитилсин:

o   Каналдын түбү боюнча туурасы 1,0–1,5 м болгон учурда санитардык коргоочу тилкенин туурасы 4–6 м түзсүн;

o   Каналдын түбү боюнча туурасы 1,6–2,0 м болгон учурда санитардык коргоочу тилкенин туурасы 7–10 м түзсүн.

2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана ченемдик укуктук актыларды Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.Р.Кадыркулов