ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 3 июня 2026 года № 514-VIII «Об избрании членов Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики»

Редакцияот 03.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Кабыл алынган датасы

2026-жылдын 3-июну № 514-VIII

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктун жана 122-беренесинин 8-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүлөр шайлансын: 

Айбалаев Алмаз Маматович;

Жакышов Русланбек Шергазиевич;

Мамырова Бөдөш Аманбаевна;

Темирбаева Миргул Омурзаковна;

Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович;

Лурова Лейла Хияновна;

Оторбаев Тимур Абдыкеримович;

Шайназаров Тынчтык Урайимович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө» 2021-жылдын 30-июнундагы № 4705-VI;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2023-жылдын 8-июнундагы № 1249-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 2333-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 19-февралындагы № 2828-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 19-мартындагы № 2924-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 3435-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 3436-VII.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев