РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 30 апреля 2026 года № 323-т (Об одобрении проекта Инвестиционного соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики, открытым акционерным обществом «Кыргызалтын» и компанией «Цзыцзинь Голд Интернейшинал» (Zijin Gold International Company Limited))

Редакцияот 30.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2026-жылдын 30-апрели № 323-т

 

Металлургиялык заводду куруу, Андаш жана Талды-Булак кендерин өздөштүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана «Цзыцзинь Голд Интернейшинал Компани Лимитед» (Zijin Gold International Company Limited) компаниясынын ортосундагы Металлургиялык заводду куруу,  Андаш жана Талды-Булак алтын кендерин өздөштүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев