Постановление Жогорку Кенеша КР от 22 апреля 2026 года № 429-VIII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между государствами Бенилюкс (Королевство Бельгия, Великое Герцогство Люксембург и Королевство Нидерландов) и Кыргызской Республикой о реадмиссии лиц, въехавших либо проживающих без разрешения, подписанного 18 июня 2025 года в городе Брюсселе»»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-апрели № 429-VIII
«2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 24-мартындагы чыг. № 23-3457) «2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |