ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 марта 2026 года № 318-VIII «Об избрании депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Акимбаевой Гульнары Орозбековны на должность председателя Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, местному самоуправлению и Регламенту Жогорку Кенеша»

Редакцияот 18.03.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-марты № 318-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

Акимбаева Гульнара Орозбековнаны Конституциялык мыйзамдар,

мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана

Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы

кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акимбаева Гульнара Орозбековна Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлансын.

 

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 9-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Акимбаева Гульнара Орозбековна – “Ынтымак - Мекенчил” депутаттык тобунан, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына;”.

 

3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 1-пунктчасынын бешинчи абзацында “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан” деген сөздөр “Ынтымак - Мекенчил” депутаттык тобунан” деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

4. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 1-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 31-мартында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7492 расмий сайтында жарыялынды

 

 

Төрага

М.А. Маматалиев