СоглашениеДействует

Соглашение от 31 мая 2019 года о координации межгосударственных отношений в области фундаментальных исследований государств-участников Содружества Независимых Государств

Редакцияот 28.05.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Расмий эмес котормо

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-майындагы № 373 токтому менен бекитилген

 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Фундаменталдык изилдөөлөр жаатында мамлекеттер аралык мамилелерди координациялоо жөнүндө

МАКУЛДАШУУ

2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаары

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өкмөттөрү,

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын 2007-жылдын 5-октябрындагы кеңешинин чечими менен жактырылган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин мындан ары өнүктүрүү концепциясынын жоболорун жетекчиликке алып,

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттеринин 2011-жылдын 19-майындагы Фундаменталдык изилдөөлөр жаатындагы кызматташуу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууну эске алып,

КМШга катышкан мамлекеттеринин илимий-техникалык кызматташуусун өнүктүрүүдөгү фундаменталдык изилдөөлөрдүн чөйрөсүнүн маанилүү ролун эске алып,

КМШга катышкан мамлекеттердин жалпы илимий мейкиндигин өнүктүрүүнү жана чыңдоону каалап,

илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, илимий кадрларды колдоого, фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимий уюмдардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоого болгон өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен,

КМШга катышкан мамлекеттердин экономикалык дараметин өнүктүрүү үчүн фундаменталдык изилдөөлөр жаатындагы Тараптардын ишин координациялоонун зарылдыгын жана артыкчылыктарын түшүнүп,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

 

1-берене

 

Тараптар фундаменталдык изилдөөлөр жаатында, бирдиктүү (макулдашылган) артыкчылыктар системасын жана программалардын экспертизасын, биргелешкен фундаменталдык изилдөөлөрдүн долбоорлорун түзүү, фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуунун ченемдик укуктук базасын шайкештөө боюнча өз аракеттерин ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарын жана эл аралык келишимдерин сактоо менен координациялашат, ошондой эле бул жааттагы өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча башка чараларды көрүшөт.

 

2-берене

 

Тараптар илимий кызматкерлердин, ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн уюмдарынын (мындан ары - ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин уюмдары), Тараптардын фонддорунун ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшөт, илимий билимдерди ар тараптуу жайылтууга жана илимдин коомдогу статусун жогорулатууга көмөктөшөт.

 

3-берене

 

Кызматташууну өнүктүрүү максатында Тараптар ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин уюмдарына ар тараптуу жардам көрсөтүшөт, анын ичинде төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча:

а) физика-математикалык жана химия илимдери, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар;

б) жаңы заттар жана материалдар, анын ичинде наноматериалдар жана нанотехнологиялар;

в) Жер, жашоо жөнүндөгү илимдер, анын ичинде биологиялык, агрардык жана медициналык илимдер, биотехнологиялар жана гендик инженерия;

г) жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо; климаттын өзгөрүшүн, анын ичинде мөңгүлөрдү изилдөө;

д) энергетика, анын ичинде ядролук, альтернативдүү жана кайра калыбына келтирилүүчү; машина куруу жана прибор куруу;

е) социалдык-экономикалык жана гуманитардык илимдер;

ж) космосту изилдөө;

з) Тараптар макулдашкан фундаменталдык изилдөөлөрдүн башка артыкчылыктуу багыттары боюнча.

 

4-берене

 

Тараптар өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде төмөнкү формаларда фундаменталдык изилдөөлөр жаатында кызматташуну өнүктүрүшөт:

а) биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;

б) фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында жаш окумуштууларды жана адистерди тартуу менен кошо, ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттерде окумуштуулардын жана изилдөөчүлөрдүн илимий сапарларын жана такшалмаларын уюштуруу;

в) фундаменталдык изилдөөлөр жаатындагы маалымат алмашуу;

г) биргелешкен лабораторияларды, фундаменталдык изилдөөлөрдүн илимий борборлорун жана жабдууларды жамааттык пайдалануу борборлорун түзүү;

д) илимий конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, форумдарды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

е) Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча башка формалар.

 

5-берене

 

Тараптар ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарын жана эл аралык келишимдерин эске алып, ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты өз мамлекеттеринин аймактарында берүүгө, алмашууга жана жайылтууга көмөктөшөт.

Ар бир Тарап ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарын жана эл аралык келишимдерин эске ал Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуу боюнча кеңешине өз мамлекетиндеги фундаменталдык изилдөөлөрдүн негизги багыттары жөнүндө маалымат жөнөтөт.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуу боюнча кеңеши маалымат алмашууну координациялайт.

 

6-берене

 

Тараптар фундаменталдык изилдөөлөргө кызыгууну өнүктүрүүгө, фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимий кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга, анын ичинде жаш окумуштуулардын конкурстарын өткөрүүгө, фундаменталдык изилдөөлөрдү уюштуруунун улуттук жана эл аралык тажрыйбасын изилдөөгө, илимий кадрлардын мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө, алдыңкы формаларды жана ыкмаларды ишке киргизүүгө, илимий дараметти сактоого жана аны дүйнөлүк илимий мейкиндикке интеграциялоого көмөктөшөт.

 

7-берене

 

Биргелешкен программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды каржылоо Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин министрликтеринин жана ведомстволорунун бюджеттеринде аларга жүктөлгөн функцияларды камсыз кылуу жана/же тиешелүү улуттук программаларды ишке ашыруу үчүн каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Эгерде конкреттүү макулдашуулар менен башкача каралбаса, ушул Макулдашууга катышкан ар бир Тарап же мамлекеттин уюму өзүнүн катышуусуна жана өз кызматкерлеринин башка биргелешкен иш-чараларга катышуусуна байланыштуу чыгымдарды өз алдынча көтөрөт.

 

8-берене

 

Ушул Келишимдин алкагында кызматташуунун жүрүшүндө алынган интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды каттоо, коргоо жана биргелешип пайдалануу ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Тараптар интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо боюнча, ошондой эле ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарында жана эл аралык милдеттенмелеринде белгиленген тартипте тиешелүү мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугун жана жашырындуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү камсыздашат.

Ушул Макулдашуунун алкагында биргелешкен иштин натыйжасында алынган маалымат, купуя жана жашыруун маалыматтардан башкасы, ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык дүйнөлүк илимий коомчулукта жайылтылышы мүмкүн.

 

9-берене

 

Ар бир Тарап ушул Макулдашууну ишке ашыруу жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органды (уюмду) аныктайт, бул тууралуу ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү менен бир эле убакта депозитарийге маалымдайт.

 

10-берене

 

Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын (уюмдардын) өз ара аракеттенүүсүн координациялоону Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуу боюнча кеңеш жүзөгө ашырат.

 

11-берене

 

Ушул Макулдашууну колдонуу жана чечмелөө учурунда Тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыш маселелер консультациялар жана кызыкдар Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет.

 

12-берене

 

Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар тиешелүү протокол менен таризделет.

 

13-берене

 

Бул Макулдашуу ага кол койгон Тараптар тарабынан анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу жөнүндө депозитарий тарабынан үчүнчү жазуу жүзүндөгү билдирүү алынгандан кийин 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Мамлекеттик ички жол-жоболорду кийинчерээк аткарган Тараптар үчүн бул Макулдашуу депозитарий тарабынан тиешелүү документтер алынган күндөн кийин 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

 

14-берене

 

Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан кайсы мамлекет болбосун кошулуу жөнүндө документти депозитарийге жөнөтүү аркылуу кошула алат.

Кошулуучу мамлекет үчүн бул Макулдашуу депозитарий кошулуу жөнүндө документти алган датадан тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

 

15-берене

Бул Макулдашуу белгиленбеген мөөнөткө түзүлөт.

Ар бир Тарап депозитарийге чыгуу датасына чейин 6 айдан кечиктирбестен өзүнүн чыгуу ниети тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү жана ушул Макулдашууга катышкан мезгилде келип чыккан финансылык жана башка милдеттенмелерди жөнгө салуу менен ушул Макулдашуудан чыга алат.

Ашхабад шаарында 2019-жылдын 31-майында орус тилинде бир нускада түзүлдү. Түп нуска Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинде сакталат, ал ушул Макулдашууга кол койгон ар бир мамлекетке анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтөт.