РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 4 июня 2026 года № 403-т «Об одобрении проекта Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Республики Саха (Якутия) Российской Федерации о торгово-экономическом, научно-техническом и социально-гуманитарном сотрудничестве»

Редакцияот 04.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 10-июну № 423-т

 

 

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутия) Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин      

Төрагасы А.А. Касымалиев