УказДействует

Указ Президента КР от 19 июня 2026 года № 221 «Об утверждении Положения о Боевом знамени и знаке символики уполномоченного государственного органа в сфере обеспечения национальной безопасности Кыргызской Республики»

Редакцияот 19.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 19-июну № 221

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо

чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын

Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу

 

«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси катары Күжүрмөн туу жана Күжүрмөн тууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 46 (3806) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

С.Н. Жапаров