Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 17 июня 2026 года № 423 «О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Положения о Боевом знамени и знаке символики уполномоченного государственного органа, ведающего вопросами национальной безопасности Кыргызской Республики«от 22 августа 2018 года № 380»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17- июну № 423
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 380 «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 380 «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |