ПостановлениеНе вступил в силу

Постановление Кабинета Министров КР от 25 июня 2026 года № 437 «О некоторых вопросах деятельности институтов развития Кыргызской Республики»

Редакцияот 25.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 25-июну № 437

 

Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү

институттарынын ишинин айрым

маселелери жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фонду «Долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу фонду» коомдук фонду деп кайра аталсын.

2. «Долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу фонду» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун укук мураскору болуп саналат деп белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 «Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467 «Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 523 «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 181 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 «Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

4. «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 47 (3807) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев