ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 24 июня 2026 года № 616-VIII «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О ратификации Рамочного соглашения о плане финансирования на 2026–2027 годы между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития, подписанного 3 мая 2026 года в городе Самарканде"

Редакцияот 24.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 24-июну № 616-VIII

«2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы

2026–2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык

макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 10-июнундагы чыг. № 24-7355) «2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 29-июнунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7996 расмий сайтында жарыялынды

 

 

Төраганын

орун басары

 

Б.А. Ибрагимов