ПланДействует

План мероприятий (дорожная карта) по улучшению показателей Кыргызской Республики в рейтинге Business Ready (B-READY) на 2026–2030 годы ( Приложение к распоряжению Кабинета Министров КР от 26 июня 2026 года № 485-т)

Редакцияот 26.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Тиркеме

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 26-июнундагы

№ 485-т тескемесине)

 

 

2026–2030-жылдарга Business Ready (B-READY) рейтингинде

Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча

иш-чаралар планы (жол картасы)

 

№

Иш-чара

Базалык маани

(учурдагы көрсөткүч)

Максаттуу индикатор (B-READY деталдаштырылган көрсөткүчтөрү)

Мөөнөт

Жооптуу органдар

1

Банкроттук жол-жобосун жүргүзүүнүн алкагында кайра уюштуруу жол-жоболорун өркүндөтүүчү «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу

Жок

«Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды.

Карызкорду кайра уюштуруу жол-жоболору өркүндөтүлдү

2028-ж.

ЭКМ

2

Сот жана административдик процесстерди оптималдаштыруунун эсебинен банкроттук жол-жоболорунун мөөнөттөрүн кыскартуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу

3 жылга чейин/ төмөн

Жол-жобонун мөөнөтү 2 жылдан аз убакытты түзөт.

Кайтарымдуулук коэффициенти 20 %га өстү

2029-ж. II кв.

 

ЖС (макулдашуу боюнча),

ЭКМ

 

3

Коммерциялык талаш-тартыштарды кароонун процесстик мөөнөттөрүн кыскартуу жана сот өндүрүшүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү

400 күндөн ашык

Талаш-тартыштарды кароонун орточо мөөнөтү 300 күндөн аз.

Чечим чыгарылганга чейин жүргүзүлгөн жол-жоболордун саны

2027-ж. II кв.

 

ЖС (макулдашуу боюнча),

СӨП,

ИУА

4

Талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүүнүн механизмдерин (медиация, арбитраж) киргизүү жана өнүктүрүү, анын ичинде аларды санариптештирүү

5 %дан аз

Талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү (ADR) аркылуу чечилүүчү иштердин үлүшү 20 %дан ашыкты түзөт.

Электрондук сот өндүрүшүнүн системалары киргизилди

2027-ж. III кв.

 

ЖС (макулдашуу боюнча),

СӨП (макулдашуу боюнча),

ИУА

 

5

Өтүнмө ээсинин минималдуу катышуусу менен бизнести толук онлайн каттоону ишке ашыруу

2–3 күнгө чейин/

жарым-жартылай онлайн

Кызмат 1 күндө көрсөтүлөт.

Каттоолордун 90 %ы онлайн жүргүзүлөт.

Каттоо мөөнөтү 3 күндөн аз.

Жол-жоболордун саны кыскартылды (бирдик)

2027-ж. IV кв.

 

  ЮМ, МСК

КРПИБ/ «Түндүк» ААК,

ИУА

 

6

«Бирдиктүү терезе» принциби боюнча бизнести каттоону автоматташтыруу үчүн мамлекеттик реестрлерди интеграциялоо

Жок

Бирдиктүү санариптик интерфейстин болушу.

Автоматташтырылган каттоолордун үлүшү 50 %дан ашыкты түзөт

2028-ж. I кв.

 

КРПИБ/ «Түндүк» ААК,

ЮМ, МСК,

ИУА

 

7

Бизнести коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кошуунун мөөнөттөрүн, жол-жоболорун жана наркын кыскартуу

60 күндөн ашык

Кошуу мөөнөтү 30 күндөн аз убакытты түзөт.

Жол-жоболордун саны кыскартылды (бирдик).

Кошуунун наркы калктын жан башына кирешенин 30 %ынан аз

 

2028-ж. I кв.

 

ЭМ,

Курулуш министрлиги,

КРПИБ/ «Түндүк» ААК,

КРП

облустардагы ЫУӨ,

Бишкек

жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)

8

Өтүнмөлөрдү берүү жана статуска онлайн байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кошуу процессин санариптештирүү

30 %дан аз

Онлайн-өтүнмөлөрдүн үлүшү 80 %дан ашыкты түзөт.

Статуска байкоо жүргүзүү системасынын болушу

 

2027-ж. IV кв.

 

ЭМ,

Курулуш министрлиги,

КРПИБ/

«Түндүк» ААК,

КРП облустардагы ЫУӨ,

Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)

9

Тышкы экономикалык иш үчүн «Бирдиктүү терезе» пилоттук системасын киргизүү

Жарым-жартылай

«Бирдиктүү терезе» системасынын болушу.

Электрондук декларациялардын үлүшү 70 %дан ашат

2027-ж. II кв.

 

ЭКМ, МБК,

МСК, ИУА

10

Жөнгө салуунун заманбап инструменттерин киргизүү менен монополияга каршы мыйзамдарды актуалдаштыруу

Чектелүү

Монополияга каршы контролдоо инструменттеринин болушу

2027-ж. II кв.

 

ЭКМ,

МКЖСК

11

Убакытты жана документ жүгүртүүнү кыскартуу менен экспорттун жана импорттун жол-жоболорун толук санариптештирүү

Жогорку

Экспортту/импортту тариздөөнүн орточо убактысы (30 % убакытка чейин кыскартылды).

Талап кылынган документтердин саны кыскартылды (бирдик)

2029-ж.

МБК, МСК,

ЭКМ

12

Атаандаштык чөйрөсүндө укук колдонуу практикасын күчөтүү

Төмөн

Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн саны (бирдик).

Аныкталган бузуулардын үлүшү 30 %дан ашыкты түзөт

2028-ж. IV кв.

 

ЭКМ,

МКЖСК

13

Салыктардын жана отчеттук формалардын санын кыскартуу жолу менен административдик жүктөмдү азайтуу

Жогорку

Салыктардын саны кыскартылды (бирдик).

Милдеттүү отчеттордун саны 20 %га кыскартылды

2028-ж.

ЭКМ, МСК

14

Электрондук салык отчеттуулугун колдонууну кеңейтүү жана салыктык башкарууну автоматташтыруу

70 %дан аз

Отчеттуулукту электрондук түрдө тапшыруунун үлүшү 95 %ды түзөт.

Салыктык отчеттуулукту даярдоо убакытысы 30 %га кыскартылды

2027-ж. IV кв.

 

МСК

15

Курулуш жана бизнести жайгаштыруу чөйрөсүндө уруксат берүү жол-жоболорунун санын кыскартуу

Татаал

Уруксат берүү жол-жоболорунун саны 30 %га кыскартылды

2028-ж. I кв.

ЭМ,

Курулуш министрлиги

16

Курулуштагы уруксат берүү жол-жоболорун электрондук форматка өткөрүү

Төмөн

Онлайн берилүүчү уруксаттардын үлүшү 80 %дан ашыкты түзөт.

Уруксаттарды алуу мөөнөтү 30 %га кыскартылды

2029-ж. I кв.

 

Курулуш министрлиги,

КРПИБ/ «Түндүк» ААК

17

ЧОИ субъекттеринин каржылоого жетүүсүн кеңейтүү, анын ичинде кепилдик механизмдерди киргизүү

Чектелүү

Кредиттерге жеткиликтүүлүгү бар ЧОИ үлүшү 20 %дан ашык өстү.

Кредиттик кепилдиктер системасынын болушу

2030-ж. II кв.

 

ФМ, ЭКМ,

КРУБ (макулдашуу боюнча)

18

Санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жана финтех-чечимдерди өнүктүрүү

Төмөн

Онлайн таризделген кредиттердин үлүшү 50 %дан ашыкты түзөт.

Финтех-инструменттердин болушу

2029-ж.

КРУБ (макулдашуу боюнча),

ЭКМ,

Финкөзөмөл, ИУА

 

19

Электрондук эмгек келишимдерин киргизүү жана аларды санариптик системада каттоо

Төмөн

Электрондук эмгек келишимдеринин үлүшү 70 %дан ашык өстү.

Эмгек келишимин каттоо мөөнөтү бир күндөн аз убакытты түзөт

2028-ж. IV кв.

 

ЭСКММ

 

20

Ведомстволор аралык маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик маалымат системаларын интеграциялоо

Жарым-жартылай

Ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасынын болушу.

Интеграцияланган маалыматтык системалардын үлүшү 80 %дан ашыкты түзөт

2029-ж. I кв.

 

КРПИБ/ «Түндүк» ААК

21

Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында B-READY рейтингдик агенттик менен кызматташуу жана B-READY рейтингдик агенттиктин суроо-талаптары боюнча тиешелүү маалыматтарды өз убагында, ыкчам берүү

–

B-READY рейтингдик агенттик менен кызматташтык түзүлдү.

B-READY рейтингдик агенттиктин суроо-талаптары боюнча маалыматтарды өз убагында берүү камсыздалды

Туруктуу негизде

 

ЭКМ

 

22

B-READY методологиясы боюнча жетишилген натыйжаларды жыл сайын комплекстүү баалоо жүргүзүү

–

Кыргыз Республикасынын B-READY индекси боюнча позициясын жакшыртууга багытталган чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо жүргүзүлдү жана маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилди

2030-ж.

СДУИ

 

Кыскартуулардын тизмеси

 

B-READY

–

Business Ready

ЖС

–

Кыргыз Республикасынын Жогорку сот

МСК

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы

МБК

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Курулуш министрлиги

–

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

ЭСКММ

–

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

ЭМ

–

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

ЭКМ

–

Кыргыз Республикасынын Экономика и коммерция министрлиги

ФМ

–

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

ЮМ

–

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

ИУА

–

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

КРУБ

–

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

СДУИ

–

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту

КРП облустардагы ЫУӨ

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү

МКЖСК

–

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы

СӨП

–

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы

КРПИБ/«Түндүк» ААК

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы/«Түндүк» ачык акционердик коому

Финкөзөмөл

–

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы