ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 30 июня 2026 года № 111 «О даче согласия на безвозмездное отчуждение в государственную собственность земельного участка, расположенного по адресу: город Бишкек, улица Токтогула – улица Логвиненко»

Редакцияот 30.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 30-июну № 111

Бишкек шаары, Токтогул көчөсү - Логвиненко көчөсү

дарегинде жайгашкан жер участогун мамлекеттик

менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

Жер участокторун натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Бишкек шаары, Токтогул көчөсү - Логвиненко көчөсү дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-02-03-0006-0899, аянты 0,33 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

2026-жылдын 1-июлунда https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6540-112-bishkek-shaary-toktogul-k-ch-s-logvinenko-k-ch-s-dareginde-zhajgashkan-zher-uchastogun-mamlekettik-menchikke-akysyz-azhyratuuga-makulduk-ber-zh-n-nd.html расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Б. Б. Усеналиев