Постановление Жогорку Кенеша КР от 24 сентября 2025 года № 3459-VII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о трансграничном допуске к размещению и обращению ценных бумаг на организованных торгах в государствах-членах Евразийского экономического союза, подписанного 31 января 2025 года в городе Алматы»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябры № 3459-VII
"2025-жылдын 31-январында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 16-июнундагы чыг. № 15-6366) "2025-жылдын 31-январында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Ж.Садырбаева |