УказДействует

Указ Президента КР от 10 июля 2026 года № 253 «О введении временного правового регулирования вопроса установления дополнительных выходных дней на отдельных территориях Кыргызской Республики»

Редакцияот 10.07.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 10-июлу № 253

 

 

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө

 

 

Айрым аймактардагы коомдук муктаждыктарга жана жашоо-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүнө ыкчам чара көрүүнүн жаңы механизмин апробациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, төктөм кылам:

1. 2026-жылдын 15-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча калк үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, мамлекеттик деңгээлде эл аралык жана мамлекеттик ички иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон учурларда же ыкчам чечүүнү талап кылган башка өзгөчө жагдайларда Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен дем алыш күндөрдү белгилөөгө укук берүүчү убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган чечимдердин колдонулушу жайылтылуучу аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тиешелүү чечимдердин долбоорлорун макулдашууну камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2027-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө жогоруда аталган убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруунун алдын ала натыйжаларына мониторинг жүргүзсүн жана ал оң бааланган учурда 2027-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-июлундагы № 52 (3812) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров