РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 27 июля 2026 года № 569-т (Об одобрении проектов Соглашения о финансировании «Второе финансирование политики развития устойчивого и инклюзивного роста» и Соглашения о возмещении убытков «Вторая операция в области политики устойчивого и инклюзивного роста»)

Редакцияот 27.07.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 27-июлу № 569-т

 

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоорлор жактырылсын:

1) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын экинчи каржылоо» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүш саясаты жаатындагы экинчи операция» долбоору боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө макулдашуу 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев