РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 10 июля 2026 года № 517-т (Об определении ОАО «Государственная таможенная инфраструктура» исполнителем по поставке товаров, работ и услуг)

Редакцияот 10.07.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 10-июлу № 517-т

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 249 тескемесин ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ачык акционердик коому бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн ушул тескеменин 1, 2-тиркемелерине ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча аткаруучу болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ачык акционердик коомуна товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга контракттын (келишимдин) суммасынын 20 пайызынан ашык өлчөмүндө аванстык төлөмдү төлөөгө укуктуу деп белгиленсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып он беш календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана эки жыл бою колдонулат.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

1-тиркеме

Сатып алуучу уюм тарабынан сатып алынуучу товарлардын ТИЗМЕСИ

№

Товарлардын аталышы

ТЭИ ТН коду боюнча классификация

1

Инспекциялык текшерип кароо комплекси

9031

2

Навигациялык пломбалар

8309

3

Тагылма видео жазгыч (видеожетон)

8525

4

Планшет

8471

5

Ылдам сканер

9022

6

Архив үчүн ылдам сканер

9022

7

Wi-Fi роутер (өндүрүштүк)

8517

8

Кол жүктү жана жүктү текшерип кароо үчүн текшерип кароочу рентген техникасы

9022

9

Декларация тапшыруу үчүн өзүн-өзү тейлөө текчелери

7308

10

Заттардын химиялык курамын аныктоо үчүн прибор

9027

11

Санариптик видеобайкоо камералары

8525

12

Металлдардын жана эритмелердин курамын аныктоо үчүн прибор

9024

13

Жарылуучу жана баңгизат каражаттарын аныктоо үчүн прибор

9031

14

Жүк ташуучу авто үчүн автотаразалар

8423

15

Автотранспорттук каражаттын габариттик параметрлерин өлчөө үчүн жабдуу

9031

16

Өткөрүү пункттарын жабдуу үчүн кошумча жабдуу

9031

17

Видеодубал

8525

18

Интерактивдүү панель

8518

19

Мамлекеттик номердик белгилерди таануу камералары

8518

20

Габариттик контролдоо үчүн жабдуулар жана приборлор

9031

21

Кыймыл датчиктери (индукциялык илмектер)

8537

22

Үзгүлтүксүз азыктандыруу булагы

8507, 8504

23

Жарык берүүчү приборлор

9405 же 8539

24

Жол белгилери

8608

25

Эки сигналдуу (эки секциялуу) светофор

8530

26

Жол чиймелери

8608

27

Шлагбаум

8606

28

Издөө сигнализатору

8512

29

Жеке дозиметр

9030

30

Портативдүү раман анализатору

9027

31

Портативдүү рентгенофлуоресценттик анализатор

9022

32

Иондуу жарылуучу жана баңгизат каражаттарынын детектору

8531

33

Фото жана видео маалыматтарды сактоо системасы

8471

34

Видеокамералар жана жазуучу түзүлүштөр менен толук жабдуу

8525

35

Үзгүлтүксүз азыктандыруу булактары үчүн батареялар

8531, 8507

36

Антивирустук программалык камсыздоону кеңейтүүгө лицензия. Электрондук почтаны коргоо үчүн кеңейтүүгө лицензия

9022, 4901

37

Сейф-пакеттер

3923

38

Бекитүүчү-пломбалоочу түзүлүштөр

8209, 8309, 8481

39

Компьютердик жана уюштуруу техникасы үчүн чыгымдоочу жана комплекттөөчү материалдар

8518, 8525, 8523, 8471,8443, 8542

40

Аналитика үчүн LED-монитор (чоң өлчөмдөрдө)

8518

41

Маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борбору үчүн техникалык каражаттар

8517, 8571,9403, 8523

42

Стационардык радиациялык порталдык монитор

9022

 

 

 

2-тиркеме

Сатып алуучу уюм тарабынан сатып алынуучу жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ТИЗМЕСИ

№

Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Бажы органдары

1

Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, административдик имараттарды жана бажы инфраструктурасын куруу, реконструкциялоо, оңдоо

Түндүк-Чыгыш бажысы, "Түндүк" темир жол бажысы, "Ош" бажысы, "Жалал-Абад" бажысы, "Баткен" бажысы, "Нарын" бажысы, "Бишкек ЭЭЗ" бажысы, адистештирилген окутуу бажысы, борбордук аппарат

2

Инспекциялык-текшерип кароо комплекстери менен иштеген кызматкерлер үчүн жеке дозиметрлерди ижарага алуу

3

Бажы контролунун техникалык каражаттарын техникалык тейлөө

4

Кирүүнү башкарууну контролдоо системасы (оңдоо)

"Баткен" бажысы, "Кызыл-Бел" өткөрүү пункту