ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 10 августа 2026 года № 539 «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики»Об упорядочении ношения специальной и ведомственной формы одежды«от 18 декабря 2025 года № 813»

Редакцияот 10.08.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-августу № 539

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана

ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү

жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлеринин атайын форма кийимин кийүү маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 11-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмегинде:

– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:

«8) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сот приставдарынын кызматы.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев