РаспоряжениеДействует

Распоряжение Президента КР от 17 августа 2026 года № 292 (Об увеличении предельной штатной численности территориальных подразделений Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики)

Редакцияот 17.08.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

 ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 17-августу № 292

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1)    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн чектүү штаттык санын 126 штаттык бирдикке көбөйтсүн, алардын ичинен:

–     2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 36 штаттык бирдикке;

–     2027-жылдын 1-январынан тартып 90 штаттык бирдикке;

2) бул тескемени ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

2.    Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров