РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 24 июля 2026 года № 563-т (Об одобрении проекта Протокола о внесении изменений и дополнения Соглашение между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Республики Узбекистан об объектах курортно-рекреационного хозяйства, расположенных на территории Иссык-Кульской области Кыргызской Республики, подписанное 18 июля 2024 года в городе Ташкент, а также проекта Договора об уступке прав и обязанностей по Соглашению между Государственным агентством по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики и АКБ «Узпромстройбанк» об урегулировании имущественных прав на незавершенное строительство пансионат «Бустон», расположенное в Тонском районе Иссык-Кульской области Кыргызской Республики, подписанному 29 августа 2023 года)

Редакцияот 29.07.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 29-июлу № 576-т

 

2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Расмий тилде тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:

1) 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу протоколдун долбоору 1-тиркемеге ылайык;

2) 2023-жылдын 29-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен «Узпромстройбанк» АКБ ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан «Бустон» пансионатынын бүтө элек курулушуна карата мүлктүк укуктарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу боюнча укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин долбоору 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте:

1) Макулдашуунун алкагында объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле уруксат берүүчү документтерди берүү бөлүгүндө көмөк көрсөтсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте өзбек уюмдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан объекттерди реконструкциялоонун эл аралык стандарттарга шайкештигине мониторинг жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлорго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

1-тиркеме

 

 

Долбоор

 

 

2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

протокол

 

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,

2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) 7-беренесин жетекчиликке алып,

Тараптардын Макулдашууда белгиленген милдеттенмелерди аткаруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ниеттерине негизденип,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

 

1-берене

 

Макулдашуунун 2-беренесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 2-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4) Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясы – Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан курулушу бүтө элек «Бустон» пансионатына карата.»;

2. 3-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4) Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясынын «Бустон» пансионаты» жоопкерчилиги чектелген коому».

3. 4-пункттун 4-пунктчасы ««Узпромстройбанк» АКБ» 2023-жылдын 29-августундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан курулуп бүтө элек «Бустон» пансионатына мүлктүк укуктарды жөнгө салуу жөнүндө деген сөздөрдөн кийин төмөнкү жобо менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, «Узпромстройбанк» АКБ менен Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясынын ортосундагы укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин жоболорун эске алуу менен».

 

2-берене

 

Ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анын колдонуу мөөнөтүнө түзүлөт жана Макулдашуунун 8-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.

_______ шаарында «__» ____ 20__ жылы, эки түп нускада, орус тилинде түзүлдү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

2-тиркеме

 

 

Долбоор

 

 

2023-жылдын 29-августундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен «Узпромстройбанк» АКБ ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан «Бустон» пансионатынын бүтө элек курулушуна карата мүлктүк укуктарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу боюнча укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүү жөнүндө

келишим

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, «Узпромстройбанк» АКБ жана Өзбекстандын кесиптик бирликтер федерациясы,

2024-жылдын 18-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууда (мындан ары – Макулдашуу) жана 2023-жылдын 29-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен «Узпромстройбанк» АКБ ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан «Бустон» пансионатынын бүтө элек курулушуна карата мүлктүк укуктарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууда (мындан ары – 2023-жылдагы макулдашуу) белгиленген милдеттенмелерди аткаруу үчүн шарттарды түзүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

 

1. Тараптардын укуктары жана милдеттери.

1.1. «Узпромстройбанк» АКБ Өкмөттөр аралык макулдашуу жана 2023-жылдагы макулдашуу боюнча бардык укуктарды жана милдеттерди Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясына толугу менен өткөрүп берет.

1.2. Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясы «Узпромстройбанк» АКБдан Өкмөттөр аралык макулдашуу жана 2023-жылдагы макулдашуу боюнча бардык укуктарды жана милдеттерди толугу менен кабыл алат.

1.3. Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясы объектти реконструкциялоо иштерин 2027-жылдын 1-июлуна чейин Өкмөттөр аралык макулдашуунун 3-беренесинин талаптарына ылайык бүтүрүүгө милдеттенет.

2. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби.

2.1. Ушул Келишимди аткарууда пайда болушу мүмкүн болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.

2.2. Эгерде Тараптар макулдашууга жете албаса, анда:

– «Узпромстройбанк» АКБ менен Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясынын ортосундагы талаш-тартыштар Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен өзбек уюмдарынын ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы юрисдикциянын сот органдарында чечилет.

3. Ушул Келишим 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу протокол күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат жана Тараптар өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин иштейт.

4. Ушул Келишим менен регламенттелбеген маселелер Өкмөттөр аралык макулдашуу жана 2023-жылдагы макулдашуу менен жөнгө салынат.

 

2026-жылдын «___» _________ __________ шаарында үч нускада орус тилинде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине караштуу

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик агенттик үчүн

 

 

«Узпромстройбанк» АКБ үчүн

 

 

Өзбекстан кесиптик бирликтер

федерациясы үчүн