РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 31 июля 2026 года № 585-т (О согласии с проектом Соглашения о сотрудничестве в области управления кыргызско-китайскими пунктами пропуска между Государственной таможенной службой при Кабинете Министров Кыргызской Республики и Главным таможенным управлением Китайской Народной Республики)

Редакцияот 31.07.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 31-июлу № 585-т

 

 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз-кытай өткөрүү пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

Тиркеме

 

Долбоор

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз-кытай өткөрүү пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары – Тараптар) 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими тууралуу макулдашууну жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.

 

1-берене. Жалпы жоболор

 

1.           Эки өлкөнүн өткөрүү пункттарындагы өнүгүүнү синхрондоштуруу жана координациялоо, эки Тараптын өткөрүү пункттарынын иреттүү жана натыйжалуу иштешине көмөктөшүү, сооданы жана жүргүнчүлөрдүн агымын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында Тараптар Өткөрүү пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу боюнча кыргыз-кытай комитетин (мындан ары – Комитет) түзүүнү чечти.

2.           Комитет эки өлкөнүн өткөрүү пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташуунун механизми болуп саналат жана өткөрүү пункттарын пландоо, куруу, эксплуатациялоо жана өнүктүрүү боюнча өз ара аракеттенүүгө жооп берет. Комитет ушул Макулдашууга ылайык өткөрүү пункттарын башкаруу жана өнүктүрүү менен байланышкан маселелерди чечет жана консультацияларды өткөрөт.

 

2-берене. Комитеттин курамы жана мүчөлөрү

 

1. Комитет Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык дайындалуучу Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин жетекчисинен, жетекчинин орун басарынан жана мүчөлөрүнөн турат. Комитеттин курамына кирген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өз ара мамиле принцибинин негизинде аныкталат. Тараптар бул тууралуу бири-бирине өз убагында маалымдайт.

2. Комитеттин эки Тарабынын жетектөөчү ведомостволору:

– кыргыз тарап: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;

– кытай тарап: Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы.

3. Тараптардын ар бири Комитетте өзүнүн улуттук өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрүнүн курамын, анын ичинде зарылдыкка жараша тиешелүү министрликтердин (ведомстволордун) департтаменттеринен (башкармалыктарынан) төмөн эмес деңгээлде башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык түзөт.

Зарылдыкка жараша Комитет кызматташуунун конкреттүү маселелери боюнча жумушчу топторду түзө алат.

 

3-берене. Милдеттер жана тапшырмалар

 

Комитет өткөрүү пункттарын башкаруу жаатында кыргыз-кытай кызматташтыгын уюштуруу, координациялоо жана илгерилетүү үчүн жооп берет, анын ичинде төмөнкү багыттар менен чектелбестен:

1. Макулдашууну биргелешип ишке ашыруу, жаңы өткөрүү пункттарын ачуу, алардын мүнөздөмөлөрүн жана иш убактысын өзгөртүү зарылдыгын карап чыгуу.

2. Эки өлкөнүн мамлекеттик контролдоочу органдарынын ортосундагы алмашууну жана координацияны тереңдетүү, төмөнкүлөргө көмөк көрсөтү маселелерин карап чыгуу:

– өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын синхрондуу курууга;

– бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жаңы маалыматтык системаларды ишке киргизүүгө;

– жүргүнчүлөрдү ташуунун, товарларды жана транспорт каражаттарын ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө;

– өткөрүү пункттарынын ишин координациялоону жакшыртууга.

3. Өткөрүү пункттарындагы ашыкча жүктөмдөрдү азайтуу боюнча механизмдерди түзүү, ошондой эле Тараптардын өткөрүү пункттарынын ортосунда консультацияларды өткөрүү, бажы операцияларын жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу.

4. Мыйзамсыз кирүү жана чыгуу, ок атуучу куралдарды, курал-жарактарды жана ок-дарыларды, баңги заттарды, жок болуп кетүү коркунучунда турган жапайы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү жана алардан жасалган продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүү жана контрабанда сыяктуу трансчек аралык мыйзамсыз жана кылмыштуу иштин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатында кызматташуу.

5. Товарларга жана транспорт каражаттарына карата санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролду жүргүзүү, ошондой эле эпидемиялардын жана оорулардын трансчек аралык жайылышынын алдын алуу жана контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү.

6. Өткөрүү пункттарында бизнес жүргүзүү шарттарын биргеликте оптималдаштыруу, объекттер, белгиленген ставкалар жана жыйымдарды алуу үчүн негиздер жөнүндө маалыматтарды тактоо жана ачыкка чыгаруу, ошондой эле жыйымдардын санын жана белгиленген ставкаларын кыйла аң-сезимдүү деңгээлге чейин төмөндөтүүгө умтулуу.

7. Өткөрүү пункттарында ар түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматташуу жана биргелешкен иштерди жүргүзүү.

8. Өткөрүү пункттарынын иштешинин жол-жоболорун биргеликте өркүндөтүү жана кирүүнү жана чыгууну башкарууга болгон мамиледе ырааттуулукту камсыз кылуу. Тараптар улуттук мыйзамдарга ылайык кызматтык ыйгарым укуктарды талаптагыдай жүзөгө ашыруу максатында өткөрүү пункттарындагы өз персоналынын квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзөт, ошондой эле мамлекеттик чек араны кесип өткөн адамдардын мыйзамдуу жана негиздүү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтөт жана ушундай укуктарды жана кызыкчылыктарды козгогон инциденттерди жөнгө салууну координациялайт.

9. Өткөрүү пункттары аркылуу ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сооданын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында Тараптар өткөрүү пункттарынын иши жаатында инновациялык пилоттук кызматташууну ишке ашырат, ташуулардын жаңы түрлөрүн изилдейт жана ишке киргизет, өткөрүү пункттарында айыл чарба жана кошумча жана/же тез бузулуучу продукцияларды бажылык жактан тез тариздөө үчүн «жашыл коридордун» толук камтылышын камсыз кылат, ошондой эле эл аралык соода үчүн «бирдиктүү терезе» механизмдеринин айкалышуусуна көмөктөшөт.

10. Адистерди даярдоо жана өткөрүү пунктарын башкаруу тажрыйбасы менен алмашуу.

11. Биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана өткөрүү пункттарын өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу.

 

4-берене. Иштөө тартиби

 

1. Комитет өз ишин Комитеттин пленардык жыйналыштары, жетекчилердин жыйналыштары же эксперттердин жыйналыштары аркылуу жүргүзөт. Комитеттин пленардык жыйналыштары, эреже катары жылына бир жолу, эки Тараптан кезектешип өткөрүлөт. Жыйналыштын жыйынтыктары протоколдордо белгиленет, алардын ар бири кытай жана орус тилдеринде түзүлөт, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Кийинки жыйналыштын убактысы жыйналыштын протоколунда чагылдырылат же аны өткөрүүгө бир ай калганда макулдашылат. Жетекчилердин жыйналыштары же эксперттердин жыйналыштары зарылдыкка жараша өткөрүлөт.

2. Комитеттин жетектөөчү ведомствосу ыйгарым укуктарынын алкагында өткөрүү пункттарындагы өзгөчө жана шашылыш көйгөйлөрдү конкреттүү изилдөө, ошондой эле биргелешкен изилдөөлөр аркылуу өткөрүү пункттарындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарылдыкка жараша жумушчу консультацияларды же шашылыш кеңешмелерди уюштурат.

3. Зарыл болгон учурда пленардык жыйналыштарды же жетекчилердин кеңешмелерин өткөрүүдө Тараптар тиешелүү маселелерди талкуулоо максатында жыйналыштарга катышуу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин башка тиешелүү мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өкүлдөрдү же эксперттерди чакыра алат.

4. Тараптар өз ара мамиле принцибинин негизинде пленардык жыйналыштарга, жетекчилердин кеңешмелерине, шашылыш жыйналыштарга же эксперттердин кеңешмелерине катышуу үчүн тиешелүү делегацияларды жөнөтөт.

5. Эки Тарап Комитеттин чечимдерин ишке ашыруу жана практикалык чараларды көрүү максатында консультациялык механизмдер аркылуу зарыл болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен, алардын иштешине катышкан ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда өткөрүү пункттарынын деңгээлинде өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга көмөктөшөт.

6. Тараптар каттар, электрондук почта жана башка макулдашылган байланыш каражаттары аркылуу байланышты колдойт.

 

5-берене. Чыгымдар

 

1. Комитеттин жыйналыштарына байланыштуу чыгымдарды уюштуруучу Тарап көтөрөт.

2. Катышуучуларга байланыштуу чыгымдарды Тараптардын мамлекеттеринин ар бири көтөрөт.

 

6-берене. Пикир келишпестиктер

 

Ушул Макулдашууну чечмелөөдө же аткарууда келип чыккан пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.

 

7-берене. Макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо

 

Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиешелүү протоколдор менен таризделет.

 

 

8-берене. Натыйжалуулугу

 

Ушул Макулдашуу кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана он жылдын ичинде колдонулат. Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн аякташына алты ай калганга чейин анын колдонулушун токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтпөсө, анын колдонулушу автоматтык түрдө кийинки беш жылга узартылат.

Ушул Макулдашууга 2026-жылдын «___» _________ үч нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине

караштуу Мамлекеттик

бажы кызматы үчүн

 

_________________________________________

 

Кытай Эл Республикасынын

Башкы бажы башкармалыгы үчүн

 

_________________________________________