РаспоряжениеДействует

Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 15/118 «Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 23.06.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 23-июну №15/118

Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Гавриловка айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» мыйзамынын жана Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабрындагы №5 токтому менен бекитилген айылдык кеңештин Регламентинин негизинде, арыз ээлеринин оор турмуштук жагдайын жана оор материалдык абалын эске алуу менен, Гавриловка айылдык кеңеш чечим кылат:

 

1.Гавриловка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жангарач айылынын Байтору к. 1 үйүнүн тургуну Асакеев Карыпбек 20,0 миң (жыйырма миң сом)

-Гавриловка а. М.Горький. №101 үйүнүн тургуну Момунбаев Т.С 20,0 миң (жыйырма миң сом)

- Гавриловка а. М.Горький. №93 үйүнүн тургуну Фурсов И.В 20,0 миң (жыйырма миң сом)

-Төш-Булак айылынын Каракенова №18 үйүнүн тургун Мекинов А.С 20,0 миң (жыйырма миң сом)

2. Социалдык –экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Н.К.Каяева жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берсин.

3. Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=140 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Б.М. Мамыркулов