ПостановлениеДействует

Терек-Сай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-октябрындагы №155 «А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-класстарын сактап калуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.10.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

 

  2025-жылдын 28-октябрындагы №155

 

«А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-класстарын сактап калуу жөнүндө»

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто мектеби типтүү эмес мектеп болгондуктан, 1”А”- классында (кыргыз тилдүү) окуучулардын саны 9 (тогуз) окуучу болуп, 1”Б”-классында (орус тилдүү) 17 (он жети) окуучу болуп, башка жакка барып окуганга мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, ата-энелердин тандоосун эске алуу менен, мектеп директору С.Койчуманкулованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

         1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын ата-энелеринин жана А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору

С.Койчуманкулованын  кайрылуулары эске алынсын. 

2. 2025-2026-окуу жылында А. Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү

мектеби типтүү эмес болгондуктан, окуучулардын контингентин, аз комплектүү класстарды сактап калуу максатында 1”А”-класста (кыргыз тилдүү) 9(тогуз) окуучу болгондуктан, 1”Б”-классында (орус тилдүү) 17 (он жети) окуучу болгондуктан, ата-энелердин тандоосун эске алуу менен, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу максатында 1”А”,”Б”-класстарын аз комплектүү класс катары 1“А”,”Б” –класстарга бөлүп, класс-комплектованиеге киргизүү менен бекитип берүү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Ж.Сенирбаевден суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык

маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Терек – Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

               Абибакир у. Ж.