ПланДействует

План мероприятий по реализации Государственной программы «Совершенствование системы профилактики, диагностики и лечения хронической болезни почек на 2026–2030 годы» (к постановлению Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 сентября 2026 года № 618)

Редакцияот 15.09.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

2-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 618 токтомуна)

 

 

«2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы

 

№

Милдеттер

Иш-аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөттөрү

Күтүлүүчү натыйжалар (продукт)

Жооптуу аткаруучулар

Каржылоо булактары

1-глава. Ден соолукту чыңдоо жана бөйрөк ооруларынын тобокелдигин төмөндөтүү

 1

Сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу үчүн маалыматтык чөйрө түзүү

ЖМК, социалдык тармактар, окутулган медициналык кызматкерлер, ден соолукту чыңдоо боюнча адистер, мугалимдер аркылуу калкты сергек жашоо мүнөзү жана туура тамактануу маселелери боюнча маалымдоону күчөтүү

2026-жылдын IV кварталы – 2030-жылдын IV кварталы

Калк сергек жашоо мүнөзү жана туура тамактануу маселелери боюнча маалымдалды.

ЖМКда сергек жашоо мүнөзүн жана туура тамактанууну жайылтууга бөлүнгөн убакыт көбөйтүлдү

ССМ, макулдашуу боюнча: ММЖСМ, Агартуумин, ИЖБИМ, КРПИБ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

 2

ӨБОну профилактика-лоо чараларын күчөтүү

1)        сергек жашоо мүнөзүн, туура тамактанууну жана профилактикалык текшерүүдөн өтүүнү колдогон социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдүн стратегиясын иштеп чыгуу

2026-жылдын IV кварталы – 2030-жылдын IV кварталы

ӨБО жана анын тобокелдик факторлору маселелери боюнча калк менен иштөө үчүн социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдүн стратегиясы жана ыкмалары иштелип чыкты жана киргизилди

ССМ, макулдашуу боюнча: ММЖСМ, Агартуумин, ИЖБИМ, КРПИБ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

2)        «Соо бөйрөк – бардыгына жана бардык жерде» принциби боюнча ден соолукту чыңдоонун улуттук тармагын түзүү менен бөйрөк ооруларын скринингден өткөрүүнүн жана пландуу медициналык кароолордун (check-up) негизинде ӨБОну профилактикалоого мониторинг жүргүзүүнү киргизүү

2027-жылдын

IV кварталы

 

ӨБОну профилактикалоого мониторинг (check-up) киргизилди. «Соо бөйрөк – бардыгына жана бардык жерде» принциби боюнча ден соолукту чыңдоонун улуттук тармагы түзүлдү

ССМ,

КРПИБ

3)        региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына спорт аянтчаларын, велосипед жолдорун кеңейтүү боюнча ж.б. чараларды киргизүү

2028-жылдын

I кварталы

 

Шаарларда жана айылдарда спорт менен машыгуу үчүн жайлардын саны көбөйтүлдү

ССМ,

ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

2-глава. БМСЖ деңгээлинде ӨБОну профилактикалоо, эрте аныктоо жана алып баруу системасын өркүндөтүү

 3

Заманбап изилдөө методдоруна жеткиликтүү-лүктү кеңейтүү жана ӨБО диагностика-лоонун сапатын камсыз кылуу

1)        тобокелдик топторунда бөйрөктүн функциясын баалоону камтыган профилактикалык текшерүүлөрдү киргизүү

2027-жылдын

IV кварталы

Тобокелдик топторунда профилактикалык текшерүүлөр киргизилди. Калктын лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөргө жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды

ССМ,

ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

2)        прогрессти көзөмөлдөө, ӨБО эпидемиологиялык көзөмөлдү, тобокелдик факторлоруна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону өркүндөтүү үчүн башкаруунун, мониторингдин, баалоонун жана маалыматтарды чогултуунун ишенимдүү системаларын түзүү

2027-

жылдын

IV кварталы

Коомдук саламаттык сактоо кызматы үчүн ӨБОну эпидемиологиялык көзөмөл, эсепке алуу жана отчеттуулук системасы иштелип чыкты жана киргизилди

ССМ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

3)        ӨБОну аныктоо үчүн системалуу скрининг жүргүзүү

2030-

жылдын

IV кварталы

ӨБОну аныктоо боюнча скрининг системасы иштелип чыкты жана киргизилди

ССМ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

 4

Бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча саясатты түзүү

Жергиликтүү бийлик органдарын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүн калкка колдоо көрсөтүүгө жана профилактикалык текшерүүдөн (check-up) өтүүгө мотивация берүүгө тартуу механизмин иштеп чыгуу

2027-

жылдын

I кварталы – 2030-

жылдын

IV кварталы

Типтүү меморандум/макулдашуу бекитилди.

Ар бир региондо жыл сайын ӨБО боюнча кеминде 2 коомдук иш-чара өткөрүлөт

ССМ,

ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

 5

ӨБО бар бейтаптарды алып баруу жана эрте аныктоо чараларын күчөтүү

ӨБОну эрте аныктоонун жана бейтаптарды алып баруунун натыйжалуулугун төмөндөтүүчү системалык кемчиликтерди аныктоо максатында БМСЖ деңгээлинде ӨБОну контролдоого талдоо жүргүзүү

2030-

жылдын

IV кварталы

Сунуштамалар менен отчет даярдалды

ССМ,

ММКФ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

 6

БМСЖ деңгээлинде бейтаптар үчүн лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртуу

1)        ӨБО боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук системасы менен интеграцияланган лабораториялык маалыматтык системаны республика боюнча киргизүү

2030-жылдын

IV кварталы

Медициналык кызматкерлер бейтаптарды алып баруу боюнча маалыматтык системаларды колдонот, маалыматтарды башкарат

ССМ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

2)        телемедицинаны колдонуу менен жетүүгө кыйын региондордогу медициналык кызматкерлерге консультациялык жана практикалык жардамды күчөтүү

2027-жылдын

I кварталы – 2030-жылдын

IV кварталы

ӨБО учурундагы татаалдашуулардын саны азайды:

2027-жыл – ӨБО боюнча тесттердин тизмеги стандартташтырылды;

2028-жыл – БМСЖ лабораторияларынын кеминде 30 %ы ӨБО боюнча тесттерди жүргүзөт;

2029-жыл – 50 %;

2030-жыл – БМСЖ лабораторияларынын

80 %ы маалыматтарды электрондук форматта өткөрүп берет

ССМ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

3)        лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатынын менеджмент системасын этап менен ишке киргизүү

I этап – 2028-жылдын

II кварталы;

II этап – 2030-жылдын

III кварталы

Лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатынын менеджмент системасы ишке киргизилди

ССМ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

3-глава. Бардык деңгээлдерде ӨБОну дарылоо боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдү берүү

 7

Комплекстүү ыкманы ишке киргизүү жана заманбап жабдууга, инновациялык дарылоо методдоруна бирдей жеткиликтүү-лүктү камсыз кылуу

1)        жайылышына жана дарылоонун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтарды системалуу чогултуу жана талдоо менен ӨБО боюнча улуттук регистрди түзүү

2028-жылдын

III кварталы

ӨБО боюнча улуттук регистр түзүлдү

ССМ, «Кызмат» ММ

 

Республикалык бюджеттин каралган каражаттары-нын, донордук каражаттардын чегинде

2)        эл аралык сунуштамалардын (KDIGO) негизинде бөйрөк ооруларын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

2027-жылдын

IV кварталы

Бөйрөк ооруларын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмолор иштелип чыкты жана ишке киргизилди

ССМ

 

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

3)        медикаменттерге, «жасалма бөйрөк» аппараттары үчүн чыгымдалуучу материалдарга үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүктү, ошондой эле «жасалма бөйрөк» аппараттарын өз убагында техникалык тейлөөнү камсыз кылуу

 Дайыма

Жабдууларды тейлөөнүн, чыгымдалуучу материалдар жана медикаменттер менен камсыз кылуунун системалуу механизми иштелип чыкты

ССМ, «Кыргызфар-мация» МИ

 

 

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

4)        БАТтын альтернативдүү жана бир кыйла ийкемдүү методу катары перитонеалдык диализди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

2030-жылдын

IV кварталы

Перитонеалдык диализ боюнча стандарттар иштелип чыкты, эсептөөлөр жүргүзүлдү, ССМдин бюджетине киргизилди

ССМ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

4-глава. ӨБО боюнча интеграцияланган медициналык жардам системасын каржылоо жана ресурстар

8

Узак мөөнөттүү каржылоо саясатын иштеп чыгуу

1)        БМСЖнын саламаттык сактоо уюмдарында натыйжага багытталган көрсөткүчтөрдү ишке киргизүү: тобокелдик топторун каттоо, ТЧЫ/АККны аныктоону камтуу, артериялык кан басымын контролдоо, нефрологго өз убагында жиберүү, бейтаптарды окутуу

2030-жылдын

IV кварталы

БМСЖнын саламаттык сактоо уюмдарында профилактикалык чаралар боюнча натыйжалар үчүн шыктандыруучу төлөмдөр ишке киргизилди

ССМ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

2)        сатып алууларды пландоо, дары каражаттарын жана реагенттерди, ошондой эле чыгымдалуучу материалдарды жеткирүү чынжырын башкаруу системасын жакшыртуу боюнча ченемдерди иштеп чыгуу

2027-жылдын

IV кварталы

Дары каражаттарын, реагенттерди ж.б. жеткирүү чынжыры жөнгө салынды

ССМ, «Кыргызфар-мация» МИ

 

 

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

9

Нефрологиялык кызматты ресурстар менен камсыз кылуу

«Нефрология», «гемодиализ врачы», «трансплантолог» адистиктери боюнча аттестациялоо критерийлерин жана квалификациялык категорияларды кайра кароо

2027-жылдын

IV кварталы

Аттестациялоо критерийлери кайра каралды

ССМ

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

5-глава. Натыйжалуу стратегиялык башкаруу

10

Бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгуу

Маалыматтарды талдоо процесстерин жакшыртуу, бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын жана стратегиялык багыттарын аныктоо

2030-жылдын IV кварталы

Маалыматтарды талдоо, пландоо жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу инструменттери түзүлдү жана ишке киргизилди

ССМ, «Кызмат» ММ

 

Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде

 

Кыскартуулардын тизмеси

 

 

«Кыргызфармация» МИ

–

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы

«Кызмат» ММ

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси

БАТ

–

бөйрөктү алмаштыруу терапиясы

ССМ

–

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

ММЖСМ

–

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

ИЖБИМ

–

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

Агартуумин

–

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги

ЖӨБО

–

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

БМСЖ

–

баштапкы медициналык-санитардык жардам

ЖМК

–

жалпыга маалымдоо каражаттары

ТЧЫ/АКК

–

түйдөкчөлүк чыпкалоо ылдамдыгы/альбумин-креатинин катышы

КРПИБ

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

ММКФ

–

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

ӨБО

–

өнөкөт бөйрөк оорусу