РаспоряжениеДействует

Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 22 июля 2026 года № 528 «Об утверждении состава Комиссии по наградам Кабинета Министров Кыргызской Республики»

Редакцияот 22.07.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 22-июлу № 528

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдары жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жобонун 7, 33-пункттарына ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктары боюнча комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын төш белгисинин сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарынын төш белгисинин сыпаттамасы 4-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарынын күбөлүгүнүн сыпаттамасы 5-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 674 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев

 

 

 

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктары боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - Комиссиянын төрагасы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн реалдуу секторунун башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы;

жооптуу катчы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын сыйлыктар боюнча секторунун башчысы.

Комиссиянын катчысы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын сыйлыктар боюнча секторунун эксперти(*).

Эскертүү. (*) - добуш берүү укугу жок.

 

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын СЫПАТТАМАСЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) тик бурчтук формада. Ардак грамотанын негизи пресстелген картондон жана форекстен жасалган, сыртынан кочкул кызыл түстөгү винил булгаары менен капталган.

Ардак грамотанын негизинин алдынкы бетинде Ардак грамотанын тексттик бөлүгүн жайгаштыруу үчүн жылтырак кагаздан басылып чыгарылган тереңдиги 2 мм өлчөмдө тик бурчтуу формада терезече бар.

Алдынкы бетинин жогорку бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети", "Кабинет Министров Кыргызской Республики" деген жазуулар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак Ордо" административдик имаратынын стилдештирилген сүрөтү ысытылган алтындын буусу менен басылган.

Ылдый жагынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербини 35 мм диаметрде түркүн түстө жасалып жайгаштырылган. Анын алдында өйдөдөн ылдый "АРДАК ГРАМОТА", "ПОЧЕТНАЯ ГРАМОТА" деген тексттер, ошондой эле ар бир өзүнчө учурда жекече аныкталуучу мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттер (андан ары сыйлануучу адамдын аты-жөнү жазылат) симметриялуу жайгаштырылган.

Ардак грамотанын төмөнкү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы", "Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики" жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы", "Администрация Президента Кыргызской Республики" деген тексттер симметриялуу жайгаштырылып, ошондой эле Ардак грамотанын катар номери коюлган, анын алдында "Бишкек - " тексти жана сыйлоо тууралуу актынын чыгарылган жылы турат.

Ардак грамотанын арткы бөлүгүндө аны түз жерге коюу үчүн ачылма жөлөгүчү жана дубалга илүү үчүн "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген рельефтик жазуусу бар болоттон жасалып, жылмаланган илгичи болот. Негизинин өлчөмү: туурасы - 240 мм, бийиктиги - 325 мм, калыңдыгы 25 мм.

Ардак грамотанын алдынкы бетинин жогорку бөлүгүнүн капталдары полимердик коюлмалар менен жабылган, ага кыргыздын улуттук оймолору алтындын буусу менен түшүрүлгөн.

Ардак грамотанын жогорку оң бурчунда Ардак грамотанын "Ардак белги" төш белгисин кадоо үчүн сыртынан кочкул кызыл түстөгү винил булгаары менен капталган металл кыстырмасы жайгашкан.

 

 

 

3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын төш белгисинин СЫПАТТАМАСЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасына төш белгиси (мындан ары - төш белги) четинде "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген жазуусу бар, болоттон жана латундан жасалган сүйрү формадагы, алтын түстөгү, бийиктиги 27 мм жана туурасы 23 мм болгон негизден турат. Белгинин үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун желбиреген формасынын каптамасы турат, ал эми анын алдында "Ардак белги" деген жазуу жана түстүү эмалга түшүрүлгөн көк фондогу улуттук оймо жайгаштырылган.

Төш белгинин арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илмеги бар жана белгинин катар номери чегип жазылган.

 

 

 

4-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарынын төш белгисинин СЫПАТТАМАСЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарына төш белгиси эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген калыптан жана диаметри 28 мм болгон асмадан турат.

Алтын менен капталган, үч бурчтук формасындагы колодон жасалган калып штамптоо методу менен даярдалат, 28x18 мм өлчөмүндөгү калыптын алдынкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган.

Алтын менен капталган колодон жасалган асма, анын борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун элементинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн, ал эми четинде улуттук орнаменттин элементтеринин рельефтүү сүрөтү жана "Кыргыз Республикасы" деген жазуу жайгаштырылган.

Асманын арткы бетинде белгинин номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү илмек орнотулган.

 

 

 

5-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарынын күбөлүгүнүн СЫПАТТАМАСЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарынын күбөлүгү кочкул кызыл-күрөң түстөгү булгаары менен капталган, чечилген фаскалары жана 80x100 мм өлчөмүндөгү контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат.

Күбөлүктүн алдыңкы бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган, анын алдында алтын түстөгү "КҮБӨЛҮК" деген жазуу жазылган.