РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 5 апреля 2024 года N 126-р (Об утверждении перечня земельных участков, выделенных для строительства жилья в рамках реализации жилищной программы Кыргызской Республики «Мой дом 2021-2026», утвержденной постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики «Об утверждении жилищной программы Кыргызской Республики»Мой дом 2021-2026" от 13 июля 2021 года N 75)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 5-апрели № 126-т

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 23-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун тизмеги ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- бир айлык мөөнөттө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык жер участокторун "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - МИК) мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берсин;

- бир айлык мөөнөттө турак жай куруу үчүн арналган, алардын карамагындагы жер участокторун МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) андан ары өткөрүп берүү менен инвентаризациялоону жүргүзсүн;

- бир айлык мөөнөттө Программанын алкагында турак жай куруу үчүн кошумча жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык жер участокторун каттоону жана аларды МИКке өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Программанын алкагында турак жай куруу үчүн төмөнкү жер участокторун даярдоону жана МИКке өткөрүп берүүнү камсыз кылсын:

- идентификациялык № 1-02-07-0077-0523, Бишкек шаары, Волков көчөсү, 9а, аянты 11,0286 га;

- идентификациялык № 7-08-15-1001-5031, Чүй облусу, Сокулук району, Новопавловка айылы, Восточная көчөсү, 42, аянты 1,7642 га.

5. МИКке төмөнкүлөр сунушталсын (макулдашуу боюнча):

- Программаны ишке ашыруунун алкагында курулушту үлүштүк каржылоо механизми аркылуу турак жай куруу үчүн ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

- Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 70 дареги боюнча турак жай курулушу аяктагандан кийин турак эмес жайларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үнүн бөлүнгөн жер участокторунун ТИЗМЕГИ

1. Мамлекеттик органдардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын карамагындагы мамлекеттик жер участоктору

№

КМБ коду

Дареги

Бенефициар

Аянты (кв.метр)

1

1020200240136

Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 70

ССМ

2915,15

2

1020200240060

Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 66

Бишкек шаарынын мэриясы

2991,00

3

1020200240019

Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 64

ИИМ

12700,00

4

1041800180357

Бишкек шаары, Молдокулов көчөсү, (Көк-Жар калктуу конушу), 4/1

Оперативдүү башкаруу - Чүй облусунун прокуратурасы

2500,00

5

1041800180362

Бишкек шаары, Куйручук көчөсү, (Көк-Жар калктуу конушу), 2

Ишеним башкаруу - КРП Чүй облусундагы ЫУӨ

20100,00

6

1041800200312

Бишкек шаары, Молдокулов көчөсү, (Көк-Жар калктуу конушу), 22/2

КРПИБ

1344,00

7

1041700150072

Бишкек шаары, Малдыбаев көчөсү, 1д

Айдоочулар союзу

2840,00

8

1042100361853

Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 42

ММСЖСМ

6806,50

9

1042100362033

Бишкек шаары, С.Бегматова көчөсү, (Кара-Жыгач калктуу конушу), номери жок

КРПИБ

1470,00

10

1020800750353

Бишкек шаары, Профсоюзная көчөсү, 39

УТРК

2847,00

11

1041700150472

Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 88

Маммүлк

2443,00

12

1020800750211

Бишкек шаары, Кронштадт көчөсү, 1/1

Бишкек шаарынын мэриясы

3750,00

13

1020300250286

Бишкек шаары, Коёнкөзов көчөсү, 2

БИМ

2382,00

14

1030300260134

Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 333

БИМ

6750,00

15

1041300330526

Бишкек шаары, Калый Молдобасанов көчөсү, 2

КРПИБ

5790,00

16

1041700150341

Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 112

жок

2126,00

17

1011300130910

Бишкек шаары, Чуйков көчөсү, 149

ИИМ

812,00

18

1020100020174

Бишкек шаары, Абай көчөсү, 4/1 (бош талаа)

КУАУ

5230,00

19

1020100590051

Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 126

БКЧТТЭЗ

11219,00

20

1010300120094

Бишкек шаары, Тимирязев көчөсү, 95

жок

1743,00

21

1021000340106

Бишкек шаары, Манас көчөсү, 1

КУУ

1980,00

22

1020100520118

Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 94а, б

ЖАК

7200,00

23

1020300060910

Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 106

ССМ

207,70

24

5110601340064

Ош шаары, Ленин көчөсү, 654

ИИМ

9494,00

25

5111110070061

Ош шаары, Набережный көчөсү, 2А

Ош шаарынын мэриясы

4220,00

26

5110200090113

Ош шаары, Сүйүмбаев көчөсү, 57/2

Маммүлк

12000,00

27

5111302241003

Ош шаары, Южный участогу, 60, 61, 62, 63, 64-контурлар

СӨМ

2500,00

2. Республиканын региондору боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жер участоктору

№

КМБ коду

Регион

Дареги

Менчик формасы

Аянты (га)

1

6050600180537

Талас облусу

Талас шаары, Алымкулов көчөсү, 111/1

мамлекеттик

2

2

6010510013678

Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы

муниципалдык

3,2

3

2010401040028

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары, Тоголок Молдо көчөсү

муниципалдык

30

4

2030500253244

Чолпон-Ата шаары, 3-кичирайон, 125/б-Үй

муниципалдык

0,1

5

4050100012310

Нарын облусу

Нарын шаары, А.Молдоев көчөсү, 170/3

муниципалдык

0,6

6

4050100020862

Нарын шаары, Кирпич заводу участогу, 1

муниципалдык

8

7

4051710010693

Нарын району, Куйбышев айылы, У.Жаныбаев көчөсү, 34

муниципалдык

1,5

8

4051710010518

Нарын району, Куйбышев айылы, Актан Тыныбек көчөсү, 39

муниципалдык

1,8

9

4051610010646

Нарын району, Эмгекчил айылы, А.Токтакунов көчөсү, 1

муниципалдык

0,9

10

4051810040107

Нарын району, Чет-Нура айыл аймагы, Ийри-Суу айылы, Каден уулу Дуйшөкө көчөсү, 57/2

муниципалдык

1Д

11

4050410010256

Нарын району, Сары-Ой айыл аймагы, Жылан-Арык айылы

муниципалдык

3,5

12

4040310013239

Нарын району, Кочкор айылы, Баялы Исакеев көчөсү, 84/2

муниципалдык

2

13

3100100171669

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары, Кичи Ашуров көчөсү, 1/1Б

муниципалдык

0,2

0,3

14

3040910020623

Ноокен району, Шайдан айыл аймагы, Бирдик айылы, Сулайман Жантаев көчөсү, 96

муниципалдык

2,3

15

3130300540160

Майлуу-Суу шаары, Токтогул көчөсү, 53

мамлекеттик

0,2

16

3140200020366

Таш-Көмүр шаары, Строитель кичирайону, 34

муниципалдык

0,1

17

3140300020492

Таш-Көмүр шаары, Кызыл-Алма айылы, Проектируемая-1 көчөсү, 38/2-участогу

муниципалдык

0,2

18

8010100380031

Баткен облусу

Баткен шаары, А.Абдилабеков көчөсү, 1а

муниципалдык

2

19

8010100011592

Баткен шаары, Кызыл-Дөң кварталы, Султанмурат-Миңбашы көчөсү

муниципалдык

0,4

20

8040400021832

Кызыл-Кыя шаары, Восток 2 кичи району, номери жок

муниципалдык

3

21

5061800014620

Ош облусу

Өзгөн шаары

муниципалдык

6,7

22

7040400210166

Чүй облусу

Ысык-Ата району, Ак-Кудук айылы, 924-контуру

мамлекеттик

3,5

23

7040400210165

Ысык-Ата району, Ак-Кудук айылы, 924-контуру

мамлекеттик

24,3

24

7040400210161

7040400210133

7040400210127

Ысык-Ата району, Ак-Кудук айылы

мамлекеттик

25

Кыскартуулардын тизмеси:

БКЧТТЭЗ

-

Бишкек кен-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу

Маммүлк

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

КУАУ

-

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети

КУУ

-

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

ИИМ

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

ММСЖСМ

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

БИМ

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

СӨМ

-

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги

ССМ

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

УТРК

-

"Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы" мекемеси

КРП ЫУӨ

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү

ЖАК

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы

Айдоочулар союзу

-

"Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын союзунун Бишкек автомектеби" мекемеси

КРПИБ

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы