РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 5 апреля 2024 года N 126-р (Об утверждении перечня земельных участков, выделенных для строительства жилья в рамках реализации жилищной программы Кыргызской Республики «Мой дом 2021-2026», утвержденной постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики «Об утверждении жилищной программы Кыргызской Республики»Мой дом 2021-2026" от 13 июля 2021 года N 75)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 5-апрели № 126-т

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 479-т, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 784-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 23-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун тизмеги ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- бир айлык мөөнөттө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык жер участокторун "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - МИК) мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берсин;

- бир айлык мөөнөттө турак жай куруу үчүн арналган, алардын карамагындагы жер участокторун МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) андан ары өткөрүп берүү менен инвентаризациялоону жүргүзсүн;

- бир айлык мөөнөттө Программанын алкагында турак жай куруу үчүн кошумча жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык жер участокторун каттоону жана аларды МИКке өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Программанын алкагында турак жай куруу үчүн төмөнкү жер участокторун даярдоону жана МИКке өткөрүп берүүнү камсыз кылсын:

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы N 479-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

- идентификациялык № 7-08-15-1001-5031, Чүй облусу, Сокулук району, Новопавловка айылы, Восточная көчөсү, 42, аянты 1,7642 га.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы N 479-т тескемесинин редакцясына ылайык)

5. МИКке төмөнкүлөр сунушталсын (макулдашуу боюнча):

- Программаны ишке ашыруунун алкагында курулушту үлүштүк каржылоо механизми аркылуу турак жай куруу үчүн ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы N 479-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы N 479-т тескемесинин редакцясына ылайык)

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун ТИЗМЕГИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 784-т тескемесинин редакциясына ылайык)

 

№

КМБ коду

Дареги

Бенефициар

Аянты (кв.метр)

1

1020200240060

Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 66

Бишкек шаарынын мэриясы

2991,00

2

1020200240019

Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 64

ИИМ

12700,00

3

1041800200312

Бишкек шаары, Молдокулов көчөсү, (Көк-Жар калктуу конушу), 22/2

КРПИБ

1344,00

4

1042100361853

Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 42

ММСЖСМ

6806,50

5

1042100362033

Бишкек шаары, С.Бегматова көчөсү, (Кара-Жыгач калктуу конушу), номерсиз

КРПИБ

1470,00

6

1020300250286

Бишкек шаары, Коёнкөзов көчөсү, 2

БИМ

2382,00

7

1030300260134

Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 333

БИМ

6750,00

8

1041300330526

Бишкек шаары, Калый Молдобасанов көчөсү, 2

КРПИБ

5790,00

9

1011300130910

Бишкек шаары, Чуйков көчөсү, 149

ИИМ

812,00

10

1041700150102

Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, Горная көчөсү, номерсиз

КРПИБ

4350,00

11

1020100520118

Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 94 а, б

ЖАК

7200,00

12

1040100090233

Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45а

КРПИБ

12870,00

13

1010400210291

Бишкек шаары, Маликов көчөсү, 91

КРПИБ

87623,00

14

1011300130492-03

Бишкек шаары, Чуйков көчөсү, 149

Бишкек шаарынын мэриясы

200,00

15

1011300130911

Бишкек шаары, Чуйков көчөсү, 149

ИИМ

100,00

16

1020700770523

Бишкек шаары, Волков көчөсү, 159/1

КМ

110200,00

17

5110601340063

Ош шаары, Ленин көчөсү, 710 в

ИИМ

5680,00

18

5110601340064

Ош шаары, Ленин көчөсү, 712 жз

ИИМ

4900,00

19

5111110070061

Ош шаары, Набережная көчөсү, 2 А

Ош шаарынын мэриясы

4220,00

20

5041600230534

Ош шаары, Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгы (Төлөйкөн айыл аймагы, Төлөйкөн айылы)

Ош шаарынын мэриясы

84600,00

21

5110601340108

Ош шаары, Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы, Ленин көчөсү, 608-а/1

Ош шаарынын мэриясы

1384,00

22

5110601340107

Ош шаары, Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы, Базарная көчөсү, 65-5

Ош шаарынын мэриясы

1038,00

23

5110601340109

Ош шаары, Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы, Базарная көчөсү, 65-4

Ош шаарынын мэриясы

1038,00

24

5110903370764

Ош шаары, Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгы, 2-көчө, 64-үй

Ош шаарынын мэриясы

18600,00

25

5110903223859

Ош шаары, Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгы, 168-көчө, 18а-үй

Ош шаарынын мэриясы

12000,00

26

6050600180537

Талас облусу, Талас шаары, Алымкулов көчөсү, 111/1

Талас шаарынын мэриясы

20000,00

27

6010510013678

Талас облусу, Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы

Кара-Буура айыл өкмөтү

32000,00

28

2010401040028

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Тоголок Молдо көчөсү

Каракол шаарынын мэриясы

300000,00

29

2030500253244

Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары, 3-кичи району 125/6

Чолпон-Ата шаарынын мэриясы

1000,00

30

4050100012310

Нарын облусу, Нарын шаары, Абдыкадыр Молдоев көчөсү, 170/3

Нарын шаарынын мэриясы

6000,00

31

4050100020862

Нарын облусу, Нарын шаары, Кыш заводу участогу, 1

Нарын шаарынын мэриясы

80000,00

32

4040310013239

Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы, Баялы Исакеев көчөсү, 84/2

Ормон-Хан айыл өкмөтү

20000,00

33

3100100171669

Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Кичи Ашуров көчөсү, 1/1Б

Маммүлк

2000,00

3000,00

34

3130300540160

Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары, Токтогул көчөсү, 53

КРПИБ

2000,00

35

3140200020366

Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Куруучулар кичи району, 34

Таш-Көмүр шаарынын мэриясы

5400,00

36

3140300020492

Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Кызыл-Алма поселогу, Проектируемая-1 көчөсү, 38/2 участогу

Таш-Көмүр шаарынын мэриясы

12000,00

37

3100200082778

Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Тайгараев көчөсү, 6

ССМ (санаторий)

21700,00

38

8010100380031

Баткен облусу, Баткен шаары, Айбек Абдиллабеков көчөсү, 1а

Баткен шаарынын мэриясы

5000,00

39

8040400021832

Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, Восток 2 кичи району, номерсиз

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы

30000,00

40

5061800014620

Ош облусу, Өзгөн шаары

Өзгөн районунун МА

65000,00

41

7040400210166

Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ак-Кудук айылы, 924-контур

Токой кызматы

35000,00

42

7040400210165

Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ак-Кудук айылы, 924-контур

Токой кызматы

243000,00

43

7011610051082

Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү (Чүй облусу, Таш-Дөбө айыл өкмөтү, Орто-Сай айылы, Байтик Баатыр көчөсү)

Бишкек шаары (Таш-Дөбө айыл өкмөтү)

21500,00

44

7011610051083

Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү (Чүй облусу, Таш-Дөбө айыл өкмөтү, Орто-Сай айылы, Байтик Баатыр көчөсү)

Бишкек шаары (Таш-Дөбө айыл өкмөтү)

28000,00

45

7011610051084

Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү (Чүй облусу, Таш-Дөбө айыл өкмөтү, Орто-Сай айылы, Байтик Баатыр көчөсү)

Бишкек шаары (Таш-Дөбө айыл өкмөтү)

15000,00

46

7011610051085

7011610051086

Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү (Чүй облусу, Таш-Дөбө айыл өкмөтү, Орто-Сай айылы, Байтик Баатыр көчөсү)

Бишкек шаары (Таш-Дөбө айыл өкмөтү)

11600,00

47

7011610051087

7011610051088

Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү (Чүй облусу, Таш-Дөбө айыл өкмөтү, Орто-Сай айылы, Байтик Баатыр көчөсү)

Бишкек шаары (Таш-Дөбө айыл өкмөтү)

18900,00

48

1011300130492-02

Бишкек шаары, Чуйков көчөсү, 149

ТКМ

200,00

49

5110200120075

Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 1-үй

ЖРЭТКМ

13600,00

50

7050900070801

Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айыл өкмөтү, Жылтыр участогу

КРПИБ

2782800,00

51

7050900070802

Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айыл өкмөтү, Жылтыр участогу

КРПИБ

747500,00

52

7050918450001

Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айыл өкмөтү, Жылтыр участогу, 1845-контур

КРПИБ

2709,00

53

3140300020069

Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Кызыл-Алма поселогу, 2-үй

КРПИБ

5500,00

Кыскартуулардын тизмеси:

ММСЖСМ

-

Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

ССМ

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

МА

-

мамлекеттик администрация

КМ

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

ИИМ

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

БИМ

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

ЮМ

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

ЖАК

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы

КРПИБ

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

Маммүлк

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

ТКМ

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

ЖРЭТКМ

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.