УказДействует

Указ Президента КР от 12 октября 2026 года № 347 «О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики «О мерах по совершенствованию пенсионного обеспечения военнослужащих» от 18 октября 2024 года № 299»

Редакцияот 12.10.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 12-октябры № 347

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2024-жылдын 18-октябрындагы № 299

«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө»

Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 299 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун 1-пунктчасында «пенсиянын өлчөмү кийин өзгөргөнгө чейин» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3837) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров