ПостановлениеДействует

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылына электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды (ЭЗС) орнотууга жер аянтынын өлчөмүн белгилеп берүү жөнүндө токтому

Редакцияот 30.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН

 

ТОКТОМ

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  Бөкөнбаев айылына электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды (ЭЗС) орнотууга жер аянтынын  өлчөмүн белгилеп берүү  жөнүндө

2026-жылдын  16-июлу    № 27          

             

       Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусунда өткөн кеңешменин 2026-жылдын 18-майындагы №31-10 протоколдук тапшырмасынын 4–7-пункттарына, Тоң райондук электр тармактар ишканасынын 2026-жылдын 19-июнундагы №06-3/55  чыгыш  сандуу кайрылуусун  угуп жана   талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши токтом кылат:

       1. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылынын Б.Мамбетов көчөсүнүн №100/1 дарегинде жайгашкан 2-04-06-1001-4548 идентификациялык коддогу муниципалдык менчиктеги жер аянтынын батыш тарабынан электромобилдер үчүн кубаттоочу 2 даана станцияларды (ЭЗС) орнотууга жана унаа токтотуучу жай үчүн жалпы 50 чарчы метр өлчөмүндөгү жер аянты белгиленсин.

        - анын ичинен 4 чарчы метр өлчөмүндө 2 даана ЭЗС орнотууга, ал эми калган бөлүгү  унаа токтотуучу жайга каралсын.

       2.Бул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

      3.Бул токтом кабыл  алынган күндөн  тартып күчүнө кирет.

      4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровго, ал эми көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                        Э.Кыдыев