ПостановлениеДействует

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому

Редакцияот 30.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН

 

ТОКТОМ

 

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн бюджетине 

өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

 

  2026-жылдын 28-августу,  №28         

 

     Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн бюджетине  өзгөртүү киргизүү  боюнча   Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-бухгалтер С.Борбодоевдин, бюджет боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Шаршеновдун  маалыматын угуп жана  талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комитетинин 27.08.2025-жылдагы №2 корутундусуна  ылайык, Күн-Чыгыш   айыл аймагынын жергиликтүү  Кенеши  токтом кылат:

       1. Күн-Чыгыш айыл аймагынын 2026-жылдагы бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча киргизилүүчү өзгөртүүлөр 1, 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.

       2. Күн-Чыгыш айыл аймагынын 2026-жылдын 6 айлык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча киреше бөлүгүнө жалпы 35 512,5 (отуз беш миллион беш жүз он эки миң беш жүз) миң сом өлчөмүндө өзгөртүү киргизилсин.

      3. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө киргизилген 35 512,5 миң сом өлчөмүндөгү каражат ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча бөлүштүрүлүп, тиешелүү бюджеттик классификациясынын беренелери боюнча каржылоо жүргүзүлсүн.

      4. Бюджетте каралып, бирок муктаждык болбой калган беренелер боюнча каражаттарды кайра бөлүштүрүү ушул токтомдун 1,2-тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.

      5. Күн-Чыгыш айыл аймагынын 2026-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн өз убагында жана толук аткарылышын камсыз кылуу Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-бухгалтер С. Борбодоевге милдеттендирилсин.

      6. Күн-Чыгыш айыл аймагынын 2026-жылдагы бюджетинин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын сакталышы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-бухгалтер С. Борбодоев тарабынан камсыз кылынсын.

     7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Төрага                                                   Э.Кыдыев