ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 9 апреля 2026 года № 377-VIII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О климатической деятельности"

Редакцияот 09.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 9-апрели № 377-VIII

«Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары М.А. Маматалиев, К.А. Талиева, Ж.А. Эгенбердиева, М.К. Кайрылбекова, Р.М. Жунушбаева, Б.Э. Тентишев, С.А. Атамбаев, Ж.Б. Абиров, Г.А. Кожокулова, А.Ч. Белеков, Г.М. Баатырова, Б.А. Эргешов тарабынан демилгеленген «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 14-апрелинде https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7584 расмий сайтында жарыялынды

 

 

Төрага

М.А. Маматалиев