РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 22 января 2026 года № 28-т (О признании утратившим силу распоряжения Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 апреля 2025 года № 278-т)

Редакцияот 22.01.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 22-январы № 28-т

 

Мүлктү сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 278-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен биргеликте белгиленген тартипте ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев